Понедельник, Ноября 18, 2019
kg_m RU

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Матфакта Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу болду

002019-жылдын 28-февралында математика жана информатика факультетинде "Ооганстан - айыкпаган жара" аттуу кече өткөрүп, иш-чарага ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов, Алайбек Шамшиев жана Адылбек Маматовдор чакырылды. Жыйынды факультет деканын м.а. Изат Усенов ачып, бул жолугушуу студенттердин патриоттук сезимин дагы бир жолу ойготоорун жана тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдогу эң негизги баалуулук экенин баса белгиледи.

Кеченин коноктору Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин аткарган функциялары, Ооган жеринде болгон окуялар, о.э. ардагерлердин 1999-жылдагы Баткен окуясында, 2005,  2010-жылдардагы революция учурунда жана Ош, Жалал-Абад окуяларында биринчилерден болуп элибиздин тынчтыгы үчүн тикеден-тик тургандыгы жөнүндө айтып беришти.

Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкулов жыл сайын ушундай кечелерди уюштуруп, аталган согуштун ардагерлери менен дайыма байланышта болуп, жаштарды Мекенди сүйүүгө тарбиялагандыгы үчүн КМШ мамлекеттеринин Интернационалист-жоокерлер менен иштөө комитетинин чечими менен "Совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылышына 30 жыл" юбилейлик медалы менен, ал эми 4-курс студенттери Турганбаев Бексултан, Асылбеков Кемел, Адылбекова Ырыскүл, Аманидин кызы Перизат окууда эң жакшы жетишкендиктери үчүн, Кулназарова Гүлдана, Аятилла кызы Дилфуза, Шамов Азаматтар коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Афган согушунун Республикалык ардагерлер кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ооган согушунун ардагери Кадыр Уметов тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин студенттери о.э. Советтер Союзунун баатыры Юрий Исламов атындагы студенттер үчүн стипендия жана "Мээримдүү эне" медалы тууралуу кабардар болушту.

Студенттик кеңештин мүчөсү, II-курс студенти Адылбеков Рустам факультеттин студенттери дайыма Мекенди коргоого даяр экендиги тууралуу билдирүү жасады.

Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө интернационалист-жоокерлерди эскерүү максатында спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, факультеттин студенти Турдукулова Альбина университеттик деңгээлде өткөн конкурста Роза Аманованын "Ооган ыйы" ырын аткаргандыгы жана театралдык көргөзмөсү үчүн жеңишке ээ болсо, "Афганистан менин жан-дүйнөмдү оорутат" аттуу факультеттер аралык плакаттар сынагында математика жана информатика факультети биринчи орунда ээлеген.

001

002

003

004

005

007

Азамат Шамов - факультеттин студенттик сенатынын маалымат координатору

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 729 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер