2024-жылдын 2-сентябрында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда Билим күнү белгиленди. Институттун биринчи курс студенттерин окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов куттуктады.
КТЖИИнин директору Амантур Рыспаев жана билим берүү программаларынын жетекчилери да куттуктоо сөздөрүн айтышты. Директордун окуу иштери боюнчаорун басары Бурул Джунушалиева менен тарбия иштери боюнча орун басары Салия Кыдырмаева студенттерге окуу регламенти боюнча түшүндүрмө беришип, топторго бөлүштүрүп, биринчи курс кураторлору менен тааныштырды. Кураторлор андан кийин куратордук сааттарын өткөрүштү.
(С) Сыдыкова М.Б. – илимий иштер боюнча директордун орун басары




