И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун алдындагы педагогикалык колледждин студенти, Кыргыз Республикасынын пара армрестлинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Света Эсенгазиева кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду багындырып, 2 күмүш медаль тагынды.
Аталган мелдлеш 15-25-август күндөрү Молдавиянын борбору Кишинев шаарында өтүп, 61 өлкөнүн спортчулары катышты.





