2024-жылдын 3-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУдагы 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы” жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.
“КУУдагы 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы” жөнүндө баяндаманы ректор өзү жасап, өткөн окуу жылында Улуттук университетте экономика, билим берүү, илим багытында аткарылган иштер, тартылган инвестициялар боюнча кенен маалымат берип, окуу имараттары менен жатаканаларда жасалган оңдоп-түзөө иштери, окуу процессине керектүү сатылып алынган компьютерлер, ар кандай жабдыктар менен техникалык каражаттар, окутуучулардын командировкалары, транспорттук чыгымдар, жатаканалар менен арендадан түшкөн каражаттар, студенттерге берилген жеңилдиктер, эл аралык жана улуттук аккредитациянын жыйынтыгы, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, окуу процессиндеги айрым маселелер, илимий иштерди каржылоо, эл аралык жана ички гранттар ж.б.у.с. тууралуу айтып берди. Баяндама аяктаган соң Төлөбек Абдырахманов Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Отурумдун андан аркы жүрүшүндө төмөндөгү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
1. Кытай Эл Республикасынын Чунцин жаңы доордогу маданият жана искусство институтунун илимий кызматкери жана илимий эксперти, доктор Го Сяон айымга “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу;
2. Кесиптик билим берүү программаларын ачуу;
3. Кытай Эл Республикасынын Аньхой провинциясынын Бэнбу шаарында КУУнун “Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Кыргыз-Кытай маалыматтык-экономикалык колледжинин ачуу”;
4. Биология факультетин кайра уюштуруу жана оптималдаштыруу;
5. КУУнун кафедраларына кошулуу жолу менен юридика институтунун “Гуманитардык жана табигый илимдер” кафедрасын кайра уюштуруу;
6. LUPIC долбоорунун алкагында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда прикладдык жасалма интеллект кафедрасын түзүү жана билим берүү программаларын бириктирип, жаңы кафедраларды уюштуруу;
7. Кесиптик колледжде “Гуманитардык-социалдык дисциплиналар” бөлүмүн ачуу;
8. Диссертация коргогон окумуштууларга төлөнүүчү бир жолку сый акы;
9. КУУнун студенттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына сунуштоо;.
10. Белек Солтоноевдин орус тилине которулган “Кызыл кыргыз тарыхы” китебин чыгаруу;
11. Математика жана информатика факультетине институт макамын берүү.