Пятница, Октября 19, 2018

25-26.10.18: Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча семинар

КУУнун мамлекеттик тил бөлүмү Тил боюнча улуттук программанын алкагында 2018-жылдын 25-26-октябрь күндөрү "Кафедранын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн талаптары, формалары жана жол-жоболору" темасында семинар өткөрөт.

Сабак учурунда аталган темалар боюнча теориялык жана практикалык маалыматтар берилип, документтердин үлгүлөрү сунушталат.

Семинардын графиги:

  • 25.10.2018 - 13:30-17:00: гуманитардык илимдер факультеттеринин кафедраларынын лаборанттары үчүн
  • 26.10.2018 - 13:30-17:00: табигый илимдер факультеттеринин кафедраларынын лаборанттары үчүн..

Семинар башкы окуу имаратындагы кичи жыйындар залында өтөт. Катышуучуларына сертификаттар берилет.

Катышууга каттоодон ѳтүү үчүн тѳмѳнкү маалыматтар талап кылынат:

  • лаборанттын аты-жөнү;
  • факультети, кафедрасы;
  • электрондук дареги, байланыш телефону;

Семинарга катышууга билдирүүнү 19-октябрь 12:00гө чейин

  • toktogulova.roza@mail.ru электрондук дарегине, же
  • КУУнун башкы имаратындагы 216-кабинетке ( 2-кабат, мамлекеттик тил бѳлүмү 2) жолдосоңуздар болот.

Байланыш телефондору:

(0312) 32-31-28 (жумуш), (0702) 06-61-56 (уюлдук).

* * *

Мамлекеттик тил бөлүмү