Шейшемби, Июль 14, 2020

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУнун жаштары "Таза шаар үчүн" акциясын өткөрдү

00Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери 30-январь күнү таң эрте менен “Таза шаар үчүн” акциясын өткөрдү. Алар таңкы саат 5:00дөн тартып шаар көчөлөрүн тазалап жаткан “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлерине ысык чай, таттууларды сунуштап, таңкы маанай тартуулашып, кол кабыш да кылышты.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2019-жылдын 29-январында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында СжГИ жана ККДжКЖ факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, айрым окутуучуларга окумуштуу наамдар менен даражалардын аттестат, дипломдору тапшырылды жана БжБ, СжГИ жана ОжСФ факультеттеринин кээ бир кафедраларынын башчылары шайланды.

 

КУУнун жамааты Кутман Кадырбеков жана Айзар Акматов менен жолугушту

002019-жылдын 28-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун окутуучулары менен студенттери Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы, экономика факультетинин 4-курс студенти Кутман Кадырбеков жана коргоочусу, юридика факультетинин 3-курс студенти Айзар Акматов менен жолугушту.

 

Мекеним - менин жүзүм, жузүмө түкүрбө!

00

2019-жылдын 24-январында физика жана электроника факультетинде “Мекеним - менин жүзүм, жузүмө түкүрбө!” аттуу семинар болуп өттү. Иш чарага аталган акциянын автору жана демилгечиси, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков чакырылды. Ал акыркы күндөрү эл арасында катуу талкууланып жатткан “түкүрүк” маселеси боюнча жаңы мыйзамдын алкагында пикир алышып, студентерге кененирээк маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздүАл өзүнүн даярдап келген видео роликтерин көрсөтүп, студенттерди мекенчил болууга үндөдү.

 

КУУнун студенттери "Ак шумкарларды" тосуп алышты

02019-жылдын 24-январь күнү эрте мененки саат 5те Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке учуп келди. "Ак шумкарлардын" дарбазачысы, экономика факультетинин 4-курс студенти Кутман Кадырбеков менен коргоочусу, юридика факультетинин 3-курс студенти Айзар Акматовду тоскону "Манас" аэропортуна коомчулук менен байланыш жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери жана 100дөй студенттер барышты.

 

Журфактын студенттери “Бузуулар жөнүндө кодекс” менен таанышты

00

2019-жылдын 18-январында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча улук инспектору Тилек Оторов журналистика факультетинин студенттери менен жолугушту. Иш чараны факультет деканы доцент Айна Дүйшекеева ачып, сөз сүйлөдү..

 

Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы - КУУнун студенти!

0Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Филиппиндик атаандаштарын 3:1 эсеби менен утуп алып, плей-оффко чыкты. Бул жеңишти камсыз кылууга команданын дарбазачысы, КУУнун экономика факультетинин студенти Кутман Кадырбеков зор салым кошту.

 

КУУнун профессору Темир Сариевдин сыйлыгына татыктуу болду

00

Белгилүү болгондой, өткөн жылы коомдук ишмер Темир Сариев кыргыз тарыхын мыкты изилдеген эмгектердин сынагын жарыялаган. Жеңүүчүгө 100 миң сом ыйгарылат. 2019-жылдын 17-январында атайын комиссия сынактын алгачкы жыйынтыгын чыгарып, сыйлык тарых жана чөлкөм таануу факультетинин профессору Рыскул Жолдошевге ыйгарылды.

 

МжИТФ жамааты Рустамова Динараны "ф.-м.и.к." болушу менен куттуктайт

00

Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин жамааты "Информатика жана эсептөө техникасы" кафедрасынын ага окутуучусу Рустамова Динараны профессор Таалайбек Каракеевдин жетекчилиги астында жазган кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, ал иш ЖАКта бекитилип, "физика-математика илимдеринин кандидаты" дипломун алышы менен чын жүрөктөн куттуктайт.

 

КУУнун профкому республикалык кароо-сынактарда 1-орунду ээледи

00

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында “Региондорду өнүктүрүү жылындагы мыкты профсоюздук комитет” жана “ПрофСоm” республикалык кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орунду КУУнун бириккен профсоюз комитети утуп алды жана профкомдун төрагасы Жумабеков Кубанычбек планшет, диплом менен сыйланды.

 

КУУда “Укуктук мамлекет - жаштардын келечеги” аттуу иш чара болуп өттү

00

2019-жылдын 14-январында юридикалык факультеттин чоң жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар боюнча кодексин" талкуулоо жана инсандын укуктарын, эркиндиктерин, кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды укуктук жактан камсыздоо, мыйзамга каршы иш аракеттердин алдын алуу максатында “Укуктук мамлекет - жаштардын келечеги” деп аталган иш чара болуп өттү.

 

Илимий иштер боюнча проректор А.Чекеевдин макаласы жарыяланды

chekeev

2018-жылдын 28-декабрында илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеевдин докторант Тумар Касымова менен биргеликте жазган «A Note on Dieudonne Complete Spaces» деген аталыштагы макаласы илимий чөйрөдө жогоррку рейтинги бар FILOMAT журналында жарыяланды. Анын илимий-метрикалык көрсөткүчтөрү: 2017-жылдагы Impact Factor-у: 0.635, Scopus, Web of Science маалыматтар базаларынын өзөгүн түзөт.

 

Ректор премьер-министрден ыраазычылык кат алды

00

КУУнун ректору Канат Садыковго Премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевден  ыраазычылык кат келди. Өкмөт башчысы өз катында Улуттук университеттин студенттеринин "III Көчмөндөр оюндарына" активдүү катышкандыгы жана коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин бул багытта ийгиликтүү иш алып баргандыгы үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирген.

 

Матфактын студенти – президенттик стипендиянын ээси

00

Математика жана информатика факультетинин деканаты студенттик сенаттын мүчөсү Усаров Нурмухаммедди окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчө айырмалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болуп сыйланышы менен чын жүрөктөн куттуктайт.

 

Кыргыз филологиясы факультети жаңы жылдык кече өткөрдү

00

2018-жлдын 27-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети жаңы жылдык кече өткөрдү. Факультеттин жаштар комитети тарабынан даярдалган кечеге мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) жана КФФ деканы Бакыт Жайлообаев катышты.

 

Физфакта Жаңы жыл майрамы болуп өттү

02018-жылдын 26-декабрында физика жана электроника факультетинде Жаңы жыл майрамы болуп өттү. Факультет деканы  Самат Токтогонов салтанаттуу кечени ачып, студенттерди майрамы менен куттуктады жана аларды жакшы окууга, билимдүү болууга үндөдү.

 

Матфактын студенттери - шахмат боюнча КУУнун чемпиону!

00КУУнун студенттери арасында өткөрүлгөн 68-спартакиадада математика жана информатика факультетинин шахмат боюнча курама командасы 1-орунга ээ болуп, "КУУнун чемпиону" аталды. Факультет деканаты өз студенттерин бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

Наамдарыңыз, сыйлыктарыңыз куттуу болсун, Гүлжамал Төлөгөновна!

00

Кыргыз филология факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Жаманкулова Гүлжамал Төлөгөновна “Алтай тектүү элдердин цивилизациясы” аттуу эмгеги үчүн КР Президенти тарабынан Эл аралык 61-Алтаистика конференциясынын алкагында көчмөндөр оюнунун герби түшүрүлгөн саат менен сыйланган эле.

 

Журфак – жылдын мыкты факультети

00Журналистика факультети “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин "2018-жылдын мыктылары" кароосунда “Жылдын мыкты факультети” болуп таанылды. 2018-жылдын 25-декабрында болуп өткөн салтанаттуу аземде аталган наамдын дипломун иш чаранын ардактуу коногу, академик Алтай Бөрүбаев факультет деканы Айна Дүйшекеевага тапшырды.

 

Матфактын жамааты Аскар кызы Лираны "ф.-м.и.к." болушу менен куттуктайт

00

Математика жана информатика факультетинин жамааты колдонмо математика, информатика жана компьютердик технология кафедрасынын ага окутуучусу Аскар кызы Лираны профессор Г.М.Кененбаеванын жетекчилиги астында жазган кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, ал иш ЖАКта бекитилип, "физика-математика илимдеринин кандидаты" дипломун алышы менен чын жүрөктөн куттуктайт.

 

КУУда вакансиялар жарманкеси өткөрүлдү

00

2018-жылдын 25-декабрында башкы имараттагы фойеде АСжОПУ башкармалыгынын практика жана жумушка орноштуруу сектору менен Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы маалыматтык-кеңеш берүүчү борбор бирдикте уюштурган вакансиялар жарманкеси болуп өттү.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2018-жылдын 24-декабрында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, кыргыз филологиясы, орус жана славян  филологиясы факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, айрым окутуучуларга окумуштуу наамдар ыйгарылды.

 

Бала жылмайса - аалам жылмаят! (Бөбөктөр үчүн жаңы жылдык кече)

00

2018-жылдын 22-декабрь күнү башкы имараттын фойесинде Улуттук университеттин кесиптик бирлик комитети тарабынан Жаңы жылга карата бөбөктөр үчүн чоң программадагы театрлаштырылган "Бөбөктөр менен балатыда" аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.

 

"Кетсе да дүйнө көзү өтүп, Айтматов жашайт түбөлүк"

00

2018-жылдын 20-декабрында биология факультетинде ааламдын алп жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Сынакка 1-4-курс студенттеринен куралган 6 команда катышып, жеӊүүчүлөргө дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

 

Страница 21 из 31

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1208 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары