Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУда теоретикалык жана колдонмо математиканын актуалдуу проблемалары талкууланды

00

2019-жылдын 18-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, профессор Леонид Евгеньевич Кривошеиндин 100 жылдыгына арналган "Теоретикалык жана колдонмо математиканын актуалдуу проблемалары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, Леонид Евгеньевич баскан-турганы, студенттер менен болгон мамилеси эле жаштарга тарбия болчу нукура педагог, насаатчы болгонун, анын эмгектери КУУнун эле эмес, бүт Кыргызстандын илимин өнүктүрүүгө зор салым кошконун белгилеп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

 

Кесиптик колледжде «Мыкты бөлмө» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

00

2019-жылдын 17-октябрь күнү студенттерди тазалыкка, тартиптүүлүккө тарбиялоо максатында №7-жатаканадагы кесиптик колледждин студенттерине тиешелүү бөлмөлөр арасында өткөрүлгөн «Мыкты бөлмө» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр баалуу белектер жана китептер менен сыйланды. Директордун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча орун басары Мирбек Шарабидинов уюштурган сынакка кесиптик колледждин директору Аскар Акматов өзү демөөрчүлүк кылды.

 

КУУнун ректору Кореянын Кукмин университетинен келген делегацияны кабыл алды

00

2019-жылдын 17-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков Кореянын Кукмин университетинин эл аралык кызматташтык департаментинин начальниги Ли Донг Ын айым баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагында Кыргыз улуттук университети менен Кукмин университетинин ортосунда  кызматташтыкты орнотуу маселелери талкууланып, Канат Садыков менен Ли Донг Ын айым тиешелүү келишимге кол коюшту.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курс студенттери тосуп алынды

00

2019-жылдын 16-октябрында Бишкек шаарындагы "Элим" ресторанында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө факультеттин окутуучулар жамааты жана студенттер 1-курстардын концерттик программасына күбө болушту. Окутуучулар тарабынан студенттерге карата каалоо-тилектер айтылып, факультеттин бүтүрүүчү курсунун активдүү студенттерине ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды.

 

КУУда «Кыргыз-Казак - бир тууган» аттуу пикир талаш жыйыны болуп өттү

00

2019-жылдын 15-октябрында башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен Кыргыз Улуттук университети биргелешип уюштурган «Кыргыз-Казак - бир тууган» аттуу пикир талаш жыйыны болуп өттү. Иш чарага Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов, көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар жана журналистер катышты.

 

КУУда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

00

2019-жылдын 15-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Тарых жана чөлкөм таануу факультети тарабынан уюштурулган иш чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып,  1961-1985-жылдарда Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүшүндө Турдакун Усубалиевдин эмгеги баа жеткис экендигин белгилеп, тарыхый инсандары унутпай, келечек муундарга эскертип, окутуп туруу зарыл экендигин баса белгиледи.

 

КУУнун Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2019-жылдын 15-октябрында ректораттын жыйындар залында Улуттук университеттин Камкорчулук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы Асылбек Токтогулов алып барган жыйында ректор Канат Садыков баяндама жасап, кеңештин мүчөлөрүн КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылдын 6-февралында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда берилген тапшырманын негизинде түзүлгөн Кыргыз улуттук университетинин стратегиялык өнүгүү планын аткаруунун жүрүшү менен тааныштырды.

 

МжМБ факультетинин балдар командасы - волейбол боюнча КУУнун чемпиону

00

2019-жылдын 9-14-октябрь күндөрү КУУнун студенттери арасында спорттун 14 түрү боюнча 69-спартакиада өтүп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин балдар командасы волейбол боюнча 1-орунду ээлешти. Алар жарым финалда математика  жана информатика факультетин утуп, финалдык беттеште экономика факультетин 2:1 эсебинде жеӊип, "Улуттук университеттин чемпиону" аталышты. Факультеттин жетекчилиги волейбол боюнча балдар командасынын ийгилиги менен куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалайт.

 

Геофактын волейбол боюнча кыздар командасы КУУнун чемпиону аталды

00

2019-жылдын 9-октябрынан 14-октябрына чейин КУУнун студенттери арасында спорттун 14 түрү боюнча 69-спартакиада өтүп, география экология жана туризм факультетинин волейбол боюнча кыздар командасы 1-орунду ээлешти. Алар группалык оюндарда ФИиТ жана ФУиБ факультеттерин 2:0, жарым финалда юридикалык факультетти 2:0, ал эми финалдык оюнда 3 жылдан бери чемпион болуп келе жаткан химия жана химиялык технология факультетинин кыздарын 2:0 эсебинде жеңип чыгып, "Улуттук университеттин чемпиону" аталышты. 

 

Математика жана информатика факультетинин дебатчылары Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

00

2019-жылдын 14-октябрында математика жана информатика факультетинин "New Generation" дебаттык клубунун мүчөлөрү Жогорку Кеңешке экскурсияга барып, депутаттардын иш бөлмөлөрү, жыйындар залы, парламенттик китепкана, намаз окуучу бөлмөлөр менен таанышып келишти. Иш чараны уюштурууга Жогорку Кеңештин Закир Шарапов чоң жардам берди. КУУнун студенттери депутаттардын кандай иштер менен алектенип, кандай ийгиликтерге жетишип жаткандыгы тууралуу жакындан таанышып, келечекте чыгаан инсандардын катарында болууга максат коюшуп, көптөгөн дем-күч менен кайтышты.

 

Геофактын студенттери - республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү

00

География экология жана туризм факультетинин студенттери 2019-жылдын 11-12-октябрь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өткөн III-республикалык олимпиадага катышып, женишке жетишти. Иш чарага 8 жогорку окуу жайынын студенттери катышып, 1-турда теориялык суроолорго, тест, контурдук карта боюнча тапшырмаларды, ал эми 2-турда Ала-Арча жаратылыш паркында болуп, ал жердин планы жана профили боюнча тапшырмаларды аткарышты.

 

ККДжКЖ факультетинин алдындагы гимназиянын жамааты “Ата-Бейит” комплексине барып келишти

00

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин 2019-2020-окуу жылына карата бекитилген Комплекстик планынын тарбия иштери боюнча жаш муундун патриоттук сезимдерин өркүндөтүү максатында факультеттин алдындагы гимназиянын окутуучулары жана 10-11-класстарынын окуучулары 2019-жылдын 10-октябрында “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барып, саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерип, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюп, 2010-жылдын 7-апрель күнү шейит кеткендерге арнап куран окутушту.

 

Кесиптик колледжде кичи футбол боюнча «Директордун кубогу» ойнотулду.

00

2019-жылдын 10-октябрында студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко кызыккан жаштардын санын көбөйтүү максатында кесиптик колледжде кичи футбол боюнча «Директордун кубогу» ойнотулду. Мелдешке жалпысынан 12 команда катышып, 1-орунду экономика жана каржы бөлүмүнүн 2-курс студенттери ээледи. Алар кубок, грамота жана 1200 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунга ошол эле бөлүмдүн 1-курс студенттери татыктуу болуп, аларга грамота, 800 сом тапшырылды. Ал эми 3-орунду укук таану бөлүмүнүн 2-курс студенттери ээлеп, грамота жана 500 сом акчалай сыйлык алышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинин жетекчилери мамлекеттик практиканын жүрүшү менен таанышты

02019-жылдын 10-октябрь күнү кыргыз филологиясы факультетинин деканы Жайлообаев Бакытбек, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы Акунов Эмилбек жана филологиялык билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Аскар кызы Жылдыз студенттер практика өтүп жаткан мектептерди кыдырып, өтүлгөн сабактарга катышты жана мектеп жетекчилери менен практиканттардын жетишкендиктери менен кемчиликтерин талкуулашты.

 

Физика жана электроника факультетинде Мугалимдер күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү

00

2019-жылын 9-октябрь күнү физика жана электроника факультетинде Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык кече өткөрүлдү. Иш чараны факультет деканы Самат Токтогонов ачып, жалпы окутуучулар жааматын кесиптик майрамы менен куттуктап, каалоо-тилегин айтты. Майрамдык кече концерттик программа менен уланып, окутуучулар менен студенттерге жагымдуу маанай тартууланды. Концерттин жүрүшүндө о.э. жаштар комитетинин жана студенттердин атынан окутуучуларга чакан белектер тапшырылды.

 

КУУда студенттер арасындагы 69-спартакиада башталды

00

2019-жылдын 9-октябрында 6-окуу имаратындагы спорт залда КУУнун студенттери арасындагы 69-спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара окуу жайдын жаш спортсмендеринин парады менен башталып, ага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, факультеттер аралык кафедралардын куратору Садык Алахан (Тиллебаев) катышты жана салтанаттын катышуучуларын Спартакиаданын ачылышы менен куттуктап, студенттерге спорттук ийгиликтерди каалады.

 

Кесиптик бирлик комитети “Pro-Master” деп аталган жаңы долбоордy баштады

0Студенттерди ар түрдүү багыттагы кесипкөй адистер менен бетме-бет жолуктуруп, көөдөндөгү көксөөсүн, каалоосун ишке ашыруу максатында кесиптик бирлик комитети “Pro-Master” деп аталган жаңы долбоорду баштады. Профсоюздар федерациясынын жаштар кеңешинин төрагасы Элдияр Карачалов, финансы жана банк иштери боюнча адис Аскар Кубанычбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер Аскар Күрүчбеков студенттерге ийгилик сырлары, убакытты туура пайдалануу жөнүндө айтып беришти.

 

Кесиптик колледждин студенттери Бишкектеги карылар үйүнө барышты

00

2019-жылдын 7-октябрында кесиптик колледждин студенттери Бишкек шаарындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеге барып, ал жактагы улгайган адамдарды майрамы менен куттукташты. Студенттер куру келбей, карыларга азык-түлүк, жуунуучу каражаттарды ала барышып, ата-апалардын баарын кубандырышты.

 

Кесиптик бирлик комитетинин #bestteacherknu интернет сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

00

Кесиптик бирлик комитети бул жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата студенттер арасында буга чейин уюштурулбаган, өзгөчө жана заманбап интернет-сынак өткөрдү. Инстаграмдагы “knu_profkom” баракчасында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, сынакка  катышкан ар бир студент өзү жакшы көргөн, педагогикалык чеберчилиги бийик, факультетинде эң мыкты деп эсептеген окутуучу менен сүрөткө түшүп, #bestteacherknu аталышындагы хештег менен окутуучусу жөнүндө жазып, инстаграмга киргизген.

 

КУУда Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

00

2019-жылдын 4-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Окуу жайдын жалпы окутуучу-профессорлук жамаатын кесиптик майрамы менен ректор Канат Садыков куттуктап, жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо өзгөчө ийгиликтерге жетишкен педагогдорго министрликтин сыйлыктарын тапшырды.

 

ТТЕОМЕР борборунун мүдүрү КУУнун окутуучу-профессорлорун кесиптик майрамы менен куттуктайт

00Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мугалим менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мугалим аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат. Мугалимдерибиздин иштерине ийгилик каалап,кесиптик майрам кунунуздор менен куттуктайбыз!

 

КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин 60 жашта

00

2019-жылдын 4-октябрында башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегиндин 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү. Иш чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып, белгилүү тарыхчыны бүгүнкү мааракеси менен куттуктады.

 

КМБжЖИ боюнча департаменттин кызматкерлери ЕЭКтин сыйлыктарына э болушту

00Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Ардакбек Каныбек уулу, тарбия иштери боюнча координаторлор Эгембердиев Эркинбек менен Коконбай кызы Акжолтой 2019-жылдын 25-27-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн IV эл аралык “Евразия жумалыгы” форумуна активдүү катышкандыгы үчүн Евразия Экономикалык Комиссиясынын соода министри Вероника Никишинанын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

 

Кесиптик колледждин студенттери окутуучуларын кесиптик майрамы менен куттукташты

00

2019-жылдын 3-октябрында 6А-окуу имаратындагы жыйындар залында кесиптик колледждин 1-курс студенттери Билим берүү кызматкерлерлеринин күнүнө карата майрамдык концерт өткөрүштү. Колледждин окутуучусу Сатарова Гулмира тарабынан даярдалган майрамдык иш чарада студенттер өз окутуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргызстанда жашаган элдердин ыр-күүлөрүн, бийлерин аткарышып, көңүлдүү маанай тартуулашты.

 

Страница 12 из 32

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 816 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары