КУУдагы соңку жаңылыктар
КУУда мамтил боюнча улуттук программанын аткарылышы талкууланды
2017-жылдын 30-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Мамлекеттик тил боюнча улуттук программанын билим берүү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынга_КР Өкмөтүнүн,_Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
Конфуций институтунун директору Шанхайдагы конференцияга катышты
КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директору Үмүт Култаева 2017-жылдын 24-26-ноябрында_Шанхай университетинде болуп өткөн “Ааламдашуу доорундагы Борбордук Азия менен коңшулаш жашаган мамлекеттердин тил саясаты: тил кырдаалы, билим берүүдөгү тилдик система” аттуу эл аралык конференцияга катышып келди.
КУУда Окумуштуулар кеңешинин №12, 13-отурумдары болуп өттү
2017-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин №12, 13-отурумдары болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору_Канат Садыков_алып барган_жыйында негизинен кафедра башчыларын шайлоо өтүп, эсептөө комиссиялары добуштарды санаган учурда күн тартибиндеги башка маселелер да каралды.
Матфактын окутуучулары - «Ден соолук» спартакиадасынын чемпиону
2017-жылдын 13-24-ноябрында 6-окуу имаратындагы спорт залда футбол, волейбол, тогуз коргоол, шахмат жана стритбол боюнча факультеттердин окутуучуларынын арасында «Ден соолук» спартакиадасы болуп өттү. Жалпы командалык зачетто математика жана информатика факультети_1-орунду ээлеп, "КУУнун чемпиону" аталды.
Спорт ордосунда КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү
2017-жылдын 21-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда_салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны окуу жайдын_ректору_Канат Садыков ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан гана аттаган 1-курс студенттерине ак жол каалап, аларга символикалуу "Сынак китепчесин" жана "Билим ачкычын" тапшырды.
Тарых факультетинин жамааты академик С.Т.Табышалиевди эскерди
2017-жылдын 17-ноябрында тарых жана чөлкөм таануу факультетинде КУУнун_мурдагы ректору, академик С.Т.Табышалиевди эскерүү иш чарасы_өткөрүлдү. Жыйынга факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер жана академиктин туугандары катышты.
КУУда "Ч.Айтматов – биздин замандашыбыз" аттуу иш-чара өткөрүлдү
Кыргыз улуттук университетинде алгач болуп “Чынгыз Айтматов – биздин замандашыбыз” аттуу Чынгыз Айтматовдун 89 жылдыгына арналган студенттер аралык эскерүү иш-чарасы өттү. Аталган иш чараны КУУнун мамлекеттик тил кафедрасынын профессору, ф.и.к. Осмоналиева Г.К жана ага окутуучу Жусупкелдиев К.А. 1-чи курсунун студенттери менен даярдашкан.
КУУда тунгуч жазма акын Молдо Кылычтын 150 жылдыгы белгиленди
2017-жылдын 16-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз элинин туңгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыкан уулунун туулган күнүнүн 150 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгына карата «Молдо Кылыч - улуу акын, даанышман ойчул» деп аталган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев (Алахан) алып барды.
Матфактын жамааты академик Алтай Бөрүбаев менен жолукту
2017-жылдын 14-ноябрында 6-окуу имаратындагы 7-дарсканада математика жана информатика факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты физика-математика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз математикалык коомунун президенти, 1998-2000-жылдардагы КУУнун ректору Алтай Асылканович Бөрүбаев менен жолукту.
КУУда 39 кафедранын башчылары шайланды (толукталды)
2017-жылдын 10-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында_окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы №1-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:
Кыргыз журналисттери КУУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты
2017-жылдын 6-ноябрында_КУУнун ректору Канат Садыков_университетте болуп жаткан алгылыктуу иштерди коомчулукка жайылтууга чоң салым кошкондугу үчүн жана 7 - ноябрь - Басма сөз жана маалымат күнүнө карата Кыргызстандын жоон топ журналисттерине_КУУнун Ардак грамотасын тапшырды.
КУУнун ректору студенттик активисттер менен жолугушту
КУУнун ректору Канат Садыков_2017-жылдын 1-ноябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында студенттик сенат жана старосталар кеңешинин активисттери менен «Улуттук университетти кантип өнүктүрөбүз» деген темада жолугушуу өткөрдү. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев_алып барды.
КУУда факультеттер аралык 67-студенттик спартакиада башталды
2017-жылдын 31-октябрында 6-окуу имаратындагы спортзалда факультеттер арасындагы 67-студенттик_спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Таймаштардын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев кайрылды.
КУУнун дагы бир студенти президенттик стипендияга татыктуу болду
Окуудагы,_илимий-чыгармачыл жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн_КУУнун дагы бир студенти өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендиясына татыктуу болду. Ал - мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 4-курс_студенти Жыргалбеков Айбек.
КУУда “Китеп кудугу” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү
2017-жылдын 20-октябрында башкы имараттын фойесинде_Мамлекеттик китеп палатасы жана_“Сабат” кыргыз китеп борбору тарабынан уюштурулган “Китеп кудугу” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Китеп палатасынын төрага орунбасары Кален Сыдыкова, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Эрнис Үсөнов жана декандардын орун басарлары катышты.
КУУнун студенти президенттик стипендияга ээ болду (толукталды)
Окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде айырмалангандыгы үчүн_Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин 4-курс студенти Коконбай кызы Акжолтой_Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болду. Аталган сыйлыкты ал 2017-жылдын 18-октябрында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин өз_колунан алды.
КУУда “Баласагын ТВ” телестудиясы ачылды
2017-жылдын 6-октябрь күнү КУУнун журналистика факультетинде “Баласагын ТВ” телестудиясы ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чарага КУУнун ректору Канат Садыков, ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова, тележурналист Байма Сутенова, KG групп компаниясынын президенти Имамидин Ташов, журналисттер жана факультеттинин жалпы жамааты катышты.
КУУнун студенти Жаштардын бүткүл дүйнөлүк XIX-фестивалына катышат
2017-жылдын 6-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков 14-22-октябрда Сочи шаарында өтүүчү Жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк XIX-фестивалына жолдомону жеңип алган кыргыз филология факультетинин студенти, жаш манасчы Азиз Биймырза уулун кабыл алып, ага ак жол каалады жана Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, жаңы идеялар жана сыйлыктар менен келишине тилектеш экендигин билдирди.
КУУда "Мугалимдер күнү" белгиленди
2017-жылдын 6-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Мугалимдер күнүнө" арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Улуттук университеттин профессорлук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен КУУнун ректору Канат Садыков куттуктап, мугалимдик кесиптин алдыңкыларына сыйлыктарды тапшырды.
КУУнун ректору түрк өкүлдөр тобун кабыл алды
2017-жылдын 5-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Реджеп Сула мырза жана Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агентствосунун (ТИКА) жаңы программалык координатору_Али Муслу мырза баштаган түрк_өкүлдөр тобун кабыл алды.
Педфакта Азия оюндарынын чемпионун тосуп алуу аземи болду
Мурда кабарлангандай, педагогика факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн V Азия оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын медалды жеңип. алган. 2017-жылдын 29-сентябрында аталган факультетте чемпионду тосуп алуу аземи болуп, окутуучулар менен студенттер_Бекзатты жеңиши менен куттукташты.
КУУнун бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат - Азия оюндарынын чемпиону
Педагогика факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат Түркмөнстандын_Ашхабад шаарында өтүп жаткан V Азия оюндарында_бел боо күрөшү боюнча_алтын медаль тагынды. Ал чейрек финалда пакистандык_Мухаммад Шахидди, жарым финалда түркмөнстандык_Муратхан Азадовду, ал эми финалдык беттеште түркмөн спортчусу_Сапа Жумаевди жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болуп калды.
КУУнун ректору Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды
2017-жылдын 21-сентябрында КУУнун ректору_Канат Садыков_Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси_Али Хакимпур мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университетте Ирандын маданий борборун ачуу маселеси талкууланды.
КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди
2017-жылдын 21-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата “Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилде билим берүү маселелери” аттуу кереге-кеңеш болуп өттү. Жыйындын катышуучуларын тил майрамы менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана_КУУнун ректору Канат Садыков куттукташты.
Страница 10 из 12
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Карылар үйүнө жардам беришти
- Геофактын 2-курс студенттери туристтик слетко катышып келишти
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 2-курс студенттери Ак үйгө экскурсияга барышты
- Журналистика факультетинин студенттери «Үй-бүлөнү пландоо” боюнча иш чарага катышты
- География, экология жана туризм факультетинде “Эне тил” аттуу майрамдык концерт болду
- Педагогика факультетининде «Тил-акылдын жарчысы» аттуу тегерек үстөл болуп өттү
- Матфактын деканаты факультет студенттерин сынактагы жеңиши менен куттуктайт
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган Сармерден өткөрүлдү
- Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди
- Физика жана электроника факультетинде "Тил - улуттун жан дγйнѳсγ" аттуу концерт өткөрүлдү
- Башкаруу жана бизнес факультетинин жамааты 1-курс студенти Улушбеков Азатбекти сынактагы жеңиши менен куттуктайт
- Педколледжде Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү
Администратордон
Студенттердин ?-лору
-
Модератор
04.09.2018 09:01
Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...
-
Модератор
27.08.2018 10:21
Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.
-
Аид
27.12.2017 00:35
Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...
Абитуриенттердин ?-лору
-
Модератор
04.09.2018 09:09
1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...
-
Модератор
27.08.2018 10:26
1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...
-
Модератор
26.01.2018 13:17
9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Модератор
04.09.2018 09:21
Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...
-
ОПВДОО
04.01.2018 10:34
Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар
-
aman
19.12.2017 20:13
Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Student
07.04.2018 18:22
Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...
-
Айзада
07.04.2018 17:09
Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...
-
Гулкайыр
28.03.2018 17:38
Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
- КУУнун герби (22.05.2013 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 4-бөлүк
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 2-бөлүк
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 3-бөлүк
- Архив новостей КНУ
- КУУнун гимни
- Отдел по выпуску документов об образовании
- "Сейтек" эпосунун кыскача мазмуну
- "Улуттук университет", №1 (6), 2011
- Итоги конкурса "Мисс КНУ - 2011"