Четверг, Августа 22, 2019
kg_m RU

КУУнун ректору Лоян педуниверситетинин делегациясын кабыл алды

Математиктердин 33 жылдан кийинки жолугушуусу...

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУда "Тилдер фестивалы" болуп өттү

0

2019-жылдын 21-февралында башкы окуу имаратындагы чоң жыйындар залында "Эне тилдин эл аралык күнүнө" карата мамлекеттик тил бөлүмү жана факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган "Тилдер фестивалы" болуп өттү. Иш чараны кириш сөз менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачты. Жыйындын катышуучуларын "Эне тилдин эл аралык күнү" менен КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев жана поляк  диаспорасынын төрайымы Зенона Бегалиева-Шлензак айым куттукташты.

 

Журналистика факультетинде "Ата Мекенди коргоочунун күнү" белгиленди

00

2019-жылдын 19-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасы тарабынан "Ата Мекенди коргоочунун күнүнө" карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев чакырылган меймандарды жана жыйындын катышуучуларын майрам менен куттуктап, Мекенди коргоо - ар бир кыргыз жигитинин ыйык милдети экенин белгиледи.

 

КУУнун студенттер кеңеши "Кайрымдуулук жумалыгын" өткөрдү

0002019-жылдын 11-15-февраль күндөрү студенттер кеңеши тарабынан "Кайрымдуулук жумалыгы" жарыяланып, каражат чогултуу үчүн университеттин ар бир имаратына кутулар коюлду жана жарманкелер уюштурулду. Жумалык ичинде кайрымдуу инсандар менен студенттер кеңешинин мүчөлөрү тарабынан акча, кийимдер, оюнчуктар, азык-түлүктөр ж.б. каражаттар чогултулду. 14-февраль күнү студенттер кеңешинин мүчөлөрү Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнө (1-6 жаш) жана Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнө (4-18 жаш) барып, жардам көрсөтүп келишти.

 

Менталдык арифметика деген эмне? (толукталды)

00

Бул суроонун жообун маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин студенттери 2019-жылдын 20-февралында башкы имараттагы 123-дарсканада болуп өткөн "Менталдык арифметиканын адамдын интеллектуалдык өнүгүшүндөгү ролу" деген семинарда алышты. Программалык инженерия жана инновациялык технологиялар кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чарада алар о.э. Кытайдын билим берүү системасы тууралуу да малымат алышты.

 

КУУда ЖОЖ окутуучуларынын илимий ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн багыттары талкууланды

00

2019-жылдын 19-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган “Жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучуларынын илимий ишмердүүлүгүн ааламдашуу мезгилинде өркүндөтүүнүн багыттары” аттуу академиялык семинар болуп өттү. Жыйынга мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

 

Математиктерди эне тилдин эртеңкиси ойлондурат

00

Математика жана информатика факультетинде 21-февралда белгиленүүчү "Эне тилдин эл аралык майрамына" карата "Эне тилди сактайбыз" аталышындагы адабий кече болуп өттү. Студенттер Мамраимова Хидоятхон өзбек тилинде, Мусаев Навруз тажик тилинде, Лещева Мария орус тилинде иш чаранын катышуучуларын бүгүнкү майрам менен куттукташса, 4 курстун студенти Усаров Нурмухаммед коомдогу терс көрүнүштөргө токтолду.

 

Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын бюллетени жарык көрдү

00

Жыйнакта кафедранын тарыхы, 2018-2019-окуу жылында аткарылган окуу-усулдук иштер, илимий-изилдөө иштери, коомдук жана тарбиялык иштер, кафедра окумуштууларынын эл аралык конференцияларда жасалган баяндамалары, Scopus жана Web of Science базаларына кирген илимий журналдарда жарыяланган макалалары, 2018-жылы жарык көргөн окуу-усулдук куралдар, о.э. кафедранын эл аралык мамилелери жана бүтүрүүүлөрү тууралуу маалымат берилет. 

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курс студенттери "Ата-Бейит" комплексине барышты

00

2019-жылдын 16-февраль күнү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курс студенттери окутуучулар Жолдошев Рыскул жана Алымкожоев Өмүрбектин жетекчилигинде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине экскурсияга барып, комплекс менен таанышты жана комплекске тиешелүү музейдеги экспонаттар тууралуу да кенен маалымат алышты. Иш чара тарыхый инсандардын арбагына багыштап куран окуу менен жыйынтыкталды.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде кытай жаңы жылы белгиленди

00

2019-жылдын 15-февралында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын кытай тилинен берген окутуучулары жана кытай тилин окуган студенттери тарабынан “Кытай жаңы жылы” аталышындагы иш чара өткөрүлдү. Кеченин жүрүшүндө студенттер кытай элинин маданияты, тарыхы, искусствосу тууралуу концерттик номерлерди көрсөтүштү, кафедранын башчысы Омурова Жамыйкат жана окутуучулары куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

Физика жана электроника факультети – тогуз коргоол боюнча КУУнун чемпиону!

00Факультеттер арасында өткөрүлгөн “Ден соолук-2019” спартакиадасында физика жана электроника факультетинин тогуз коргоол боюнча кыздар командасы 1-орунга ээ болуп, “КУУнун чемпиону” аталды. Команданын курамында тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Элизат менен лаборант Жамансартова Азиза ойношту. Факультет жамааты өз командасын бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук ийгиликтерди каалайт.

 

КУУда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгы белгиленди

002019-жылдын 14-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган "1979-1989-жылдардагы Афган согушу: баары үчүн бүтпөй калган согуш" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынга интернационалист жоокерлер, афган согушуна катышкан ЖК депутаттары Кожобек Рыспаев, Кенжебек Бокоев, согушка катышкан жоокерлердин ата-энелери, окутуучулар жана студенттер катышты.

 

Юридикалык факультеттин студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту

00

2019-жылдын 12-13-февраль күндөрү юридикалык факультеттин 1-курс студенттери Жогорку Кеӊешке экскурсияга барышты. 12-февраль күнү алар депутат Дастан Бекешов, анын эртеси депутат Исхак Пирматов менен жолугушуп, парламенттин тармактык комитеттеринин, депутаттардын иши тууралуу  маалымат алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар мамлекеттеги көйгөйлөр, жүрүп жаткан  реформалар, өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылып, студенттердин суроолоруна жооп беришти. 

 

МжМБ факультетинин студенттери Афган согушунун себептери менен кесепеттерин талкуулашты

00

2019-жылдын 12-февраль күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына карата «Афган согушунун себептери жана кесепети» аталышындагы студенттер аралык илимий семинар болуп өттү. Жыйында факультет деканы Кундузгүл Базакеева, кафедра башчылары Издевалды Искаков менен Гүлсайра Нурматова сөз сүйлөшүп, бул согуш жалпы совет эли үчүн кыйын болгондугун, ошондуктан аны ар дайым эстеп туруу зарыл экендигин белгилешти. 

 

Журналистика факультетинде Афган согушун эскерүү сабагы болуп ѳттү

002019-жылдын 7-февраль күнү журналистика факультетинде Афганистандагы согуштан Советтик аскерлердин чыгып кеткендигинин 30 жылдыгына карата эскерүү сабагы болуп ѳттү. Иш чарага аталган согуштун ардагерлери Таштанбаев Орозбек, Абдиев Асан жана Чотуров Алмазбек агалар катышып, 1-2-3-курс студенттерине согуштун себептери, жоокерлердин азаптуу, кайгылуу күндѳрү, досторун жоготуулары, энелердин санаасы, тилеги жѳнүндѳ кеңири маек куруп беришти. 

 

Практик-психолог Т.Гаипбердиев СГИФ жана КФФтин студенттери менен жолугушту

00

2019-жылдын 7-февраль күнү 5-окуу имаратынын 218-дарсканасында Москва шаарында эмгектенген практик-психолог Турдумамат Гайыпбердиев социалдык-гуманитардык илимдер факультети менен кыргыз филологиясы факультетинин студенттери  менен жолугушту. Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) сөз сүйлөп, ачып берген соң, Турдумамат Гайыпбердиев «Ийгиликтин ачкычы», «Ден-соолуктун бекемдиги», «Үй-бүлөнүн идеалдуулугу», «Кызыктуу жумуш», "Активдүүлүк", "Демилгелүүлүк" деген темаларда кызыктуу маек куруп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

 

БжБ факультетинин студенттери иш кагаздарын жүргүзүү боюнча маалымат алышты

00

2019-жылдын 7-февралында Мамлекеттик архивдин иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.Байбулатова, Ч.Азизбекова жана Э.Эсенаманова башкаруу жана бизнес факультетинин окутуучулары менен студенттери үчүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү” боюнча лекция өтүштү. Иш чарага факультет деканы М.Керимкулова, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.Осмоналиева катышты.

 

Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы журфактын студенттерине мастер-класс өттү

00

2019-жылдын 7-февралында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева журналистика факультетинин студенттери үчүн "Коррупция менен күрөшүүдөгү журналисттин ролу" аттуу мастер-класс өттү. Жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө студенттер 2 редакциялык топко бөлүнүп, ойдон чыгарылган коррупциялык көрүнүштү ачыктоого аракеттеништи.

 

Сооронбай Жээнбеков: "Коррупция бар жерде эч качан сапаттуу билим берилбейт"

002019-жылдын 6-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилди (текст "Кыргыз Республикасынын Президенти" сайтынан алынды):

 

Канадалык профессор «Тилдерди окутуу» боюнча семинар өттү

00

2019-жылдын 4-февралында 6-окуу имаратындагы 318-дарсканада «Тилдерди окутуу» боюнча илимий семинар болуп өттү. Сабакты тилдерди окутуу, лингвистика, тил саясаты, көп тилдүүлүк боюнча мыкты адис  Назарбаев Университинин профессору, Канададагы Торонто университетинин лектору доктор Стивен Бари өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү жана чет тилин окутууга керектүү материлдардын электрондук варианттарын калтырды.

 

Коомдук ишмер Темирбек Асанбеков КУУнун студенттери менен жолугушту

002019-жылдын 1-февраль күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери коомдук ишмер, "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен жолугушту. Иш чараны Темирбек Ишенбаевич өзүн таныштыруу менен баштап, мамлекеттик башкаруудагы идеология жана башкаруу методдору тууралуу кенен айтып берди.

 

Матфактын студенттери – математика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү!

00

Математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты менен студенттик активи Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинде математика боюнча жогорку окуу жайлар арасында болуп өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрүн – факультеттин ПМб-18 группасынын студенттерин куттуктайт. Алар: Мурзаева Орозгүл (1-орун), Нурлан кызы Айжамал (2-орун), Дайырова Гүлсүн (3-орун) жана Ильясбек кызы Сезим (4-орун). Жетекчиси - КМИжКТ кафедрасынын ага окутуучусу Назарбаев Ф.Т.

 

Асылбек Чекеевдин дагы бир макаласы Filomat журналында жарыяланат

chekeev

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев менен анын докторанты Тумар Касымованын "R-compact uniform spaces in the category ZUnif" аталышындагы биргелешкен илимий макаласы Filomat журналында жарыялана тургандыгы жөнүндө кабар келди. Аталган журнал илимий дүйнөдө бийик денгээлде турат, анын 2017-жылдагы илимий-метрикалык көрсөткүчү: Impact Factor: 0.635, журнал Scopus, Web of Science маалымат базаларынын өзөгүнө кирет.

 

Ж.Кудайбергеновдун элесине арналган блиц-турнирдин жыйынтыктары (толукталды)

002019-жылдын 25-26-январь күндөрү кичи-футбол жана волейбол боюнча 7-апрель окуясынын баатыры, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин саясат таануу кафедрасынын окутуучусу, маркум Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган  блиц-турнир болуп өттү. Иш чаранын ачылыш аземинде мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) сөз сүйлөп, азаттык үчүн болгон элдик күрөштө окко учкан Улуттук университеттин мыкты окутуучусу болгон Жолдош Кудайбергеновду КУУнун жамааты эч качан унутпай тургандыгын, аз жашаса да анын өмүрү, эмгектери жаштарга өрнөк болоорун айтты.  

 

Эртеңки ийгилик бүгүн түптөлөт

00

2019-жылдын 30-январь күнү журналистика факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, белгилүү  кинорежиссер Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры") жана коомчулук менен байланыш боюнча мыкты адис Акжол Нышанов башкы имараттагы 150-дарсканада факультеттин 1-курс студенттери менен  жолугушуу өткөрүп, ийгиликке жетишүүнүн сырлары менен  бөлүшүштү.

 

Страница 7 из 18

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 334 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер