Шейшемби, Январь 19, 2021

6-окуу имаратында Факультеттер аралык компьютердик борбор ачылды

КУУнун окутуучусуна Жогорку Кеңештин сыйлыгы тапшырылды

КУУдагы соңку жаңылыктар

6-окуу имаратында Факультеттер аралык компьютердик борбор ачылды

00

2021-жылдын 14-январь күнү 6-окуу имаратында Факультеттер аралык компьютердик борбор ачылды. Аталган окуяга байланышкан иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн башчысы Лариса Курманалиева, факультет декандары жана түзүм жетекчилери катышты. Борбордун кире беришине тартылган кызыл лентаны ректор кескенден кийин, иш чаранын катышуучулары жаңыдан ачылган Борборго орнотулган компьютерлер менен таанышып чыгышты.

 

Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясы регионалдык кызматташууну күчөтөт

00

Бүгүнкү күндө ар бир кесипкөй журналисттин ишмердүүлүгүндө орун алган маалымат журналистикасы жождордогу журналисттик билим берүү процессине заманбап өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда. Тилекке каршы, маалымат базасынын негизинде жүргүзүлгөн журналисттик иликтөө Борбор Азиянын аймагында өзүнчө жанр болуп калыптана элек. Буга байланыштуу Аль-Фараби атындагы КазУУнун басма сөз жана электрондук ЖМК кафедрасы регионалдык интеграциянын процессин илгерилетүүнү пландоодо.

 

КУУнун окутуучусуна Жогорку Кеңештин сыйлыгы тапшырылды

00

Узак жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенип, жаш муундарга терең билим, татыктуу таалим-тарбия берип келе жаткандыгы үчүн факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Майрамбек Алдаяров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековдун ыраазычылык катына татыктуу болду. Аталган катты сыйлык ээсине окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров 2020-жылдын 30-декабрь күнү тапшырды.

 

Түркология жана котормо таануу бөлүмүндө онлайн "Көгүлтүр от" өткөрүлдү

002020-жылдын 29-декабрында учурдагы кырдаалдан улам түркология жана котормо таануу бөлүмүндө окутуучулар жана студенттер үчүн жаңы жылдык онлайн "Көгүлтүр от" өткөрүлдү. Иш чарага "Лингвистика", "Филология" багыттары жана "Котормо жана котормо таануу" адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер катышты. Кечеде кыргыз, түрк, орус, англис тилдеринде каалоо тилектер айтылып, студенттер көркөм окуу, ырдоо, дилбаян окуу боюнча өз таланттарын тартуулашты.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

0

2020-жылдын 29-декабрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында өткөн окуу жылындагы мамлекеттик аттестация менен жайкы сессиянын жыйынтыктары, окуу куралдарына министрликтин грифин алуу, социологиялык лабораторияны кайра өзгөртүп түзүү, КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультети менен ботаникалык бакчаны өнүктүрүү тууралуу маселелер каралып, окуу жайдын этика боюнча комиссиясынын жаңы курамы бекитилди.

 

Каныбек уулу Ардакбек Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

00

COVID-19 пандемиясы учурунда өз ыктыяры менен жарандык позициясын көрсөтүп, илдетке чалдыкккандарга жардам берүү менен борбор шаардын жашоочуларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Каныбек уулу Ардакбек Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Расмий документти 2020-жылдын 28-декабрында шаар башчынын м.а. Балбак Түлөбаев өзү тапшырды.

 

КУУнун үч студенти Талант Мамытовдун колунан президенттик стипендия алышты

0Мурда кабарлангандай, КУУнун 4-курс студенттери Асанбекова Ализа (педагогика факультети), Джолдошбекова Алтынай (тарых жана чөлкөм таануу факультети) жана Нурболот кызы Айгерим (журналисттика факультети) окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде айырмалангандыгы үчүн президенттик стипендияга татыктуу болушкан. Аталган сыйлыкты алар 2020-жылдын 25-декабрында Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун өз колунан алышты.

 

КУУнун профессору К.Т.Жаманкулова УИАдагы эл аралык онлайн-конференцияда доклад окуду

00

2020-жылдын 24-декабрь күнү кыргыз тил илими кафедрасынын профессору К.Т.Жаманкулова Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда болуп өткөн “Кыргыз-башкыр фольклордук байланышы” аттуу эл аралык онлайн-конференцияга жана профессор И.Абдувалиевдин котормосундагы “Урал баатыр” китебинин бет ачарына катышып, “Башкырлардын жана кыргыздардын тарыхы жана жазуулары тууралуу” деген темада доклад жасады. 

 

Түркология жана котормо таануу бөлүмүнө жаңы компьютер жана китептер белекке берилди

00

2020-жылдын 24-декабрында кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин директорунун орун басары Эржан Гүндогду мырза кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев менен түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесовага Түркиянын Кыргызстандагы Элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы мырзанын атынан жаңы компьютер жана түрк тилиндеги китептерди тапшырып кетти.

 

Садык Алахан Уфа шаарында болуп өткөн Улуттук педагогикалык форумда баяндама жасады

00

Мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) Орусия Федерациясынын Элге билим берүү министрлиги, Орусия билим берүү академиясы, М.Акмулла атындагы Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулуп, 14-18декабрда Уфа шаарында болуп өткөн “Образование 3D: духовность, доминанты, достижения” деп аталган Улуттук педагогикалык форумга катышып, анын алкагында өткөрүлгөн “Духовный мир мусульманских народов. Гуманистическое наследие просветителей в науке, культуре и образовании” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференциянын спикерлеринин бири болду жана пленардык жыйында “Первые акыны-просветители Кыргызстана” деп аталган 20 мүнөттүк илимий баяндама жасады.

 

Профессор Венера Акматова "Образование взрослых в Кыргызстане" аттуу тегерек столго катышты

00

Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысынын м.а., ф.и.д., профессор Венера Акматова 2020-жылдын 21,22-декабрь күндөрү DVV International Кыргызстан тарабынан уюштурулган «Образование взрослых в Кыргызстане: текущие вызовы и перспективы» деп аталган тегерек столго катышты. Иш чарада Кыргызстандагы квалификацияны жогорулатуу, кошумча кесипке үйрөнүү, «өмүр бою бир кесип» деген түшүнүктүн бүгүнкү доордогу эскире баштаганы, ар бир адамдын өмүр бою билим алуу зарылдыктары жана аны уюштуруунун жолдору тууралуу кызыктуу докладдар сунушталды.

 

КУУнун профессору Венера Акматова Кыргыз радиосунун «Күн чубак» берүүсүнө катышты

00

2020-жылдын 17-декабрында Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысынын м.а., ф.и.д., профессор Венера Акматова Кыргыз радиосунун «Күн чубак» берүүсүнө катышып, КР эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгын илимий талдоого алуу менен, акындын талантынын өзгөчөлүгү жана өмүр-тагдыры жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, ал кыргыз драматургиясынын өнүгүү тенденциялары, комедия жанрынын абалы, куудулдук өнөр тууралуу да кеӊири маалымат берди.

 

Улуттук университеттин үч студенти президенттик стипендияга татыктуу болушту

00

Өлкө башчысынын м.а. Талант Мамытовдун 2020-жылдын 17-декабрь күнү кол койгон буйругуна ылайык Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан 70 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. 50 миң сом өлчөмүндөгү стипендия алуучулардын арасында Улуттук университеттин да 3 студенти бар. Алар: Асанбекова Ализа - педагогика факультети, Джолдошбекова Алтынай - тарых жана чөлкөм таануу факультети жана Нурболот кызы Айгерим - журналистика факультети.

 

Профессор К.Т.Жаманкулова Бишкектеги эл аралык онлайн-семинарда доклад жасады

00

2020-жылдын 16-декабрь күнү кыргыз тил илими кафедрасынын профессору К.Т.Жаманкулова Билге Тонюкук жазма эстелигинин тургузулушунун 130 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан  уюштурулган эл аралык онлайн-семинарга катышып, “Кыргыздар Тонукук жазма эстелигинде” деген темада доклад жасады. Иш чарага Түркия менен Кыргызстандын окумуштуулары катышты.

 

Башкы имараттын фойесине жаңы жылдык балаты орнотулду

00

2020-жылдын 15-декабрында коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери университеттин окутуучулары менен студенттерине жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында башкы имараттын биринчи кабатындагы фойеге бийиктиги 4 метр болгон балаты орнотуп, оюнчуктарды илип, чырактарын жандырышты. Анын айланасында кесиптик бирлик комитети тарабынан окуу жайдын кызматкерлеринин балдары үчүн Балаты майрамы да өткөрүлөт.

 

Кыргыз жана азербайжан окумуштуулары Ч.Айтматовго арналган онлайн-жолугушуу өткөрүштү

00

2020-жылдын 12-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү Баку мамлекеттик университетинин Айтматов таануучулары менен эл аралык “Ч.Айтматов жана түрк дүйнөсү” аттуу онлайн-жолугушуу өткөрдү. Азербайжандык Айтматов таануучулар ф.и.д., профессор Лейла Герайзаде менен ф.и.к., доцент Ульвия Гусейнова улуу жазуучу Ч.Айтматов жөнүндө кызыктуу маек куруп беришти.

 

Педагогика факультетинде А.Осмонов менен Ч.Айтматовго арналган жумалык өткөрүлдү

00

Педагогика факультетинде 7-декабрдан 12-декабрга чейин А.Осмонов менен Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган «Адабият - жан азыгы» аттуу жумалык болуп өттү. Филологиялык жана социалдык–экономикалык билим берүү кафедрасынын тилчи, адабиятчы окутуучулары тарабынан уюштурулган иш чаранын алкагында түрдүү номинациядагы конкурстар болуп, студенттер улуу эки залкарга арналган видео-слайддарды көрсөтүп, көркөм окууларды, поэзия кечелерин, ачык сабактарды өткөрүштү.

 

КФФ окутуучулары менен студенттери Ч.Айтматовго арналган эл аралык жаштар форумуна катышты

772020-жылдын 8-10-декабрь күндөрү Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, Д.М.Менделеев атындагы Россия химия-технология универерситети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, "Манас" жана "Ч.Айтматов" Улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган “Ч.Айтматов жана XXI кылым жаштары” аттуу эл аралык жаштар форуму болуп, онлайн форматта өткөн иш чарага кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору Назгүл Турдубаева, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценттери Айнура Бешкемпирова менен Наргүл Осмоновалар, о.э. факультеттин студенттери жана аспиранттары катышты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде А.Осмонов менен Ч.Айтматовго арналган вебинар болуп өттү

552020-жылдын 11-декабрь күнү кыргыз филологиясы факультетинде 12-декабрда белгиленүүчү Адабият күнүнө карата адабияттын алптары болгон Алыкул Осмонов менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде уюштурулган “Адабият – аруу дүйнө” аттуу вебинар болуп өттү. Иш чараны факультет деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди. Андан соң, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров менен кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы Гүлмира Абдразакова Осмонов менен Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө азыноолак сөз кылышып, алардын чыгармаларынын бүгүнкү күндөгү орду тууралуу кененирээк маалымат беришти.

 

КУУнун ректору Аньшань педагогикалык университетинин өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

002020-жылдын 11-декабрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун ректору Канат Садыков Кытайдагы Аньшань педагогикалык университетинин өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Жыйында эки университеттин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Иш чарага №69-мектеп-гимназиянын директору Сайрагүл Атаева, №2-орто мектептин директору Чынара Маразыкова, педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков жана Конфуций институтунун директору Ан Дэюань мырза катышты,

 

КУУнун командасы радиотаймаштагы жеңиши үчүн ректордун мактоо баракчасы менен сыйланды

02020-жылдын 10-декабрь күнү ректордун кабылдамасында ЖОЖ студенттери арасында өткөн “Тилим менен улутмун” республикалык радиотаймашта 1-орунду ээлеген КУУнун студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү. Ректор Канат Садыков аларга өзүнүн ыраазычылык баракчасы менен Ысык-көлгө жолдомонун сертификатын тапшырып, студенттердин окууларына ийгилик каалады жана "коомдук иш чараларга активдүү катышуу менен Улуттук книверситеттин даражасын дагы да бийик көтөрүп, көптөгөн жеңиштерди багынта бергиле" деген каалоо тилегин билдирди. 

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Жусуп Баласагын атындагы Түркология ресурстук борбору ачылат

00

2020-жылдын 7-декабрында кыргыз филологиясы факультетине Түркиянын Кыргызстандагы Кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Осман Уста, Түрк тилин үйрөтүү борборунун (ТТЕОМЕР) директору Ахмет Гөзүбол келишти. Конокторду факультет деканы Бактыбек Жайлообаев менен түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова 5-окуу имаратында тосуп алышты.

 

Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы «Манас» күнүнө карата онлайн-конференция өткөрдү

00

2020-жылдын 4-декабрында Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы «Манас» күнүнө карата студенттердин арасында «Манас» эпосунун улуу насыяттары» деген темада онлайн-конференция уюштурду. Иш чараны кафедра башчысы Венера Акматова ачып, белгилүү манасчы Нурбек Талантбек уулуна сөз берди. Конференцияга педагогика, биология, экономика, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультеттеринин студенттери жигердүү катышты. 

 

Кыргыз жана казак түркологдору онлайн-жолугушуу өткөрүштү

00

2020-жылдын 4-декабрь күнү кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү Аль-Фараби агындагы Казак улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинин Түрксой кафедрасы менен таанышуу жана кызматташуу максатында онлайн-жолугушуу өткөрдү. Казак түркологдорунун демилгеси менен уюшулган иш чарага чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор Палтөре Ыктияр, орун басары, доцент Кенжебек Габдуллин, Түрксой кафедрасынын башчысы, доцент Умүт Турсунбай кызы катышты.

 

Страница 1 из 3

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1007 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Кымбат Аскат кызы 04.01.2021 00:49
    Саламатсызбы мен Арабаева университетинде заочный пед.фак. нач.класса окуйм азр эми 2 семестр ...

    Толугу менен...

     
  • Kk 26.12.2020 16:08
    Как узнать в авн всего баллов который ты получил на сессии? Там ошибка!

    Толугу менен...

     
  • Айзирек 23.12.2020 20:49
    Саламатсызбы? Окуу качан ачылат???

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Нур 24.12.2020 19:15
    Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...

    Толугу менен...

     
  • Илгиз 23.12.2020 19:20
    Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.

    Толугу менен...

     
  • Жыпара 17.12.2020 21:43
    Авн порталында менин Фио чыкпай атат кандай тапсак болот

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары