Шейшемби, Декабрь 07, 2021

КУУдагы соңку жаңылыктар

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Билим күнү белгиленди

002021-жылдын 15-сентябрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Билим күнү белгиленди. Майрамдык кечени факультеттин деканы Алайбек Шамшиев ачып, бардык профессордук-окутуучулар составын, 10-11-класстардын окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окууларына албан-албан ийгиликтерди каалады жана Кыргыз улуттук университети жана анын түзүмдөрү жөнүндө кеңири маалымат берди.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жетекчилиги 1-курс студенттери менен жолугушту

00

2021-жылдын 14-сентябрында башкы имараттын кичи жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жетекчилиги 1-курс студенттери менен жолугушуу кечесин өткөрдү. Жыйынга жаңы кабыл алынган студенттер, курс менеджери, багыттардын кураторлору жана ата-энелер катышты. Биринчи курс студенттерин жаңы окуу жылынын башталышы менен факультет деканы Камчыбек уулу Мырзабек, орун басары Зухра Урузбакиева жана кафедра башчылары куттукташты.

 

Кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тилдин азыркы абалы жана келечеги талкууланды

00

2021-жылдын 22-сентябрь күнү 5-окуу имаратындагы 218-кабинетте жайгашкан "Манас" өргөсүндө 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик тилди өркүндөтүү, көйгөйлөрүн жоюу жана тилдин келечегине кам көрүүгө арналган “Мамлекеттик тилдин абалы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү. Жыйынга мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) катышып, катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

 

Садык Алахан Sputnik Кыргызстан радиосуна V Азиялык студенттик форум тууралуу айтып берди

00

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор, V Азиялык студенттик форумду өткөрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Садык Алахан (Тиллебаев) Sputnik Кыргызстан радиосунун “Sputnikтен сүйлөйбүз” программасында конокто болуп, 15-19-сентябрь күндөрү университеттин Ысык-Көлдөгү пансионатында өткөн V "Кыргызстан-Азия — 2021" Азиялык студенттик форумдун жүрүшү, анда болуп өткөн иш чаралар тууралуу радионун кабарчысы Абылгазы уулу Шабданга кенен-кесир маек куруп берди.

 

Спорт - ден соолуктун булагы

00

2021-жылдын 21-сентябрында кесиптик колледждин студент балдары университеттин спорттук залы, кичи футбол, волейбол, оор атлетика, бокс, эркин күрөш, кыргыз күрөш жана дзюдо залдары менен таанышып, Токиодогу олимпиаданын эркин күрөш боюнча күмүш медалынын ээси, Азиянын төрт жолку чемпиону жана дүйнө чемпиону Айсулуу  Тыныбекованын алгачкы машыктыруучуларынын бири болгон Түгөлбай Базакечев агай менен жолугушушту.

 

Математика жана информатика факультетинин жамааты профессор Асылбек Чекеевди куттуктайт

00Математика жана информатика факультетинин деканаты жана алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын жалпы жамааты илимий иштер боюнча проректор, ф.-м.и.д., профессор Чекеев Асылбек Асакеевичти Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсүнүн дипломун алышы менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден-соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.

 

Математика факультетинде "Академик М.Иманалиевдин илимий мурастары» аттуу кабинет ачылды

00

2021-жылдын 13-сентябрь күнү математика жана информатика факультетинде Улуттук илимдер академиясынын академиги Мырзабек Иманалиевдин 90 жылдык мааракесине карата "Академик Мырзабек Иманалиевдин илимий мурастары» аттуу кабинеттин ачылыш аземи болду. Иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темировакадемик Алтай Бөрүбаев жана факультеттин окутуучулар жамааты катышты. Кабинет 6-окуу имаратындагы №126-дарсканада жайгашты.

 

Кыргыз тил илими кафедрасынын жамааты кесиптештерин жогорку наамдары менен куттуктайт

00

Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын жалпы жамааты ф.и.д., профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевичти УИАнын академиги, ф.и.д., профессор Маразыков Турусбек Сейдакматовичти УИАнын корреспондент мүчөсү болушу менен чын дилинен куттуктайт! "Сиздер миңдеген студент, магистранттарга билим берип тим болбостон, келечек муундарды даярдоо максатында илимдин канчалаган кандидат, докторлорун даярдап, бүтүндөй өмүрүңүздөрдү билим берүү тармагына арнап, илимде ат көтөргүс эмгектерди жаратып, университтетин өсүп-өнүгүшүнө да зор кызмат кылып келесиздер.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде усулдук кабинет ачылды

002021-жылдын 13-сентябрында тарых жана чөлкөм таануу факультетинде усулдук кабинеттин ачылышы болду. Иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), Улутттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, факультетте иштеп кеткен мугалимдердин жакын туугандары жана окутуучулар жамааты катышты.

 

Журналистикада окуган студенттерге практикалык көндүмдөр маанилүү

00

2021-жылдын 6-10-сентярь кундөрү «Медиа Диалог» долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Салфорд университети менен кызматташтыкта Бишкекте жайгашкан жождордун “Журналистика” багыты боюнча окутуучулары жана студенттери үчүн семинар уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө журналистика программасынын окуу процессине практиканы активдүү киргизүүгө багытталган  тренингдер, тажырыйба алмашуу жүрдү.

 

КУУнун профессорлоруна УИАнын корреспондент мүчөсүнүн дипломдору тапшырылды

00

2021-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жамаатынын жалпы жыйыны болуп, УИАнын жаңыдан шайланган академиктерине жана корреспондент мүчөлөрүнө салтанатту түрдө тиешелүү дипломдор тапшырылды. Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспондентинин дипломун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төмөндөгү профессорлору алышты:

 

Профессор Гүлжамал Жаманкулова Таластагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

00

2021-жылдын 10-сентябрында Талас мамлекеттик университетинде Талас (Атлах) салгылашуусунун 1270 жылдыгына карата “Талас салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чарага кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова онлайн форматта катышып, “Атлах салгылашуусу: саясий өбөлгөлөрү жана тарыхый мааниси” деген темада баяндама жасады.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002021-жылдын 10-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында факультеттердин декандарын “Окууга-көмөкчү курам” категориясынан “Профессордук-окутуучулук курам” категориясына которуу маселеси, факультеттердин институт түзүү жана университеттин жаңы түзүмүн калыптандыруу боюнча демилгелери жана башка маселелер каралды.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

002021-жылдын 9-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин бакалавриатын, магистратурасын жана специалитетин быйыл аяктаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды. Улуттук университетти аяктагандыгы тууралуу мамлекеттик расмий документтерди мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), факультет деканы Камчыбек уулу Мырзабек жана кафедра башчылары тапшырышты.

 

Студенттер бейтапканасынын врачы коронавируска каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгүн белгиледи

00

2021-жылдын 9-сентябрь күнү студенттер бейтапканасынын ден соолуктуу чыңдоо кабинетинин башчысы, жогорку категориядагы врач Анархан Токтогулова университеттин административдик-башкаруу жана чарба-тейлөө курамдарында иштеген кызматкерлер үчүн коронавируска каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү жөнүндө лекция окуду. Келген мейманды окуу жайдын медициналык пунктунун башчысы Замира Мамбетова тааныштырды.

 

Эгемендүүлуктүн 30 жылдыгына карата кичи футбол боюнча спорттук иш чара өткөрүлдү

00

2021-жылдын 31-август күнү Эгемендүүлуктүн 30 жылдыгына карата Улуттук университеттин окутуучулары жана кызматкерлери үчүн кичи футбол боюнча спорттук иш чара өткөрүлүп, байгеге бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков тарабынан 3000 сомдук топ жана акчалай сыйлык коюлду. Оюнга о.э. “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү Каныбек уулу Ардакбек, Коконбай кызы Акжолтой жана араб борборунун өкүлү Болот Байысов демөөрчүлүк кылышты. Ал эми кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин деканы Алайбек Шамшиев эң мыкты оюнчулар үчүн акчалай сыйлык тапшырды.

 

Профессор К.Т.Жаманкулова 63-Туруктуу Алтаистика PIAC 2021 конференциясына катышты

00

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова 2021-жылдын 26-28-август күндөрү Монголиянын Тил жана адабият институту менен Илимдер академиясы кызматташтыкта өткөргөн 63-Туруктуу Алтаистика PIAC 2021 конференциясына онлайн түрүндө угуучу катары катышты. Үч күнгө созулган маанилүү иш-чарада Монголия, Германия, Франция, Кытай, Туркия, Россия, Казакстан, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдүн окумуштуулары тарабынан абдан мазмундуу жана кызыктуу докладдар окулуп, илимий дискуссиялар менен коштолду.

 

Профессор Г.К.Осмоналиева Республикалык августтук кеңешмеге эксперт катары чакырылды

002021-жылдын 23-августунда факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, профессор Г.К.Осмоналиева билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн министрлик тарабынан уюштурулуп, “Ала-Тоо” эл аралык университетинде өткөн “Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү – татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү” аталышындагы республикалык августтук кеңешмеге денгээлдик билим берүү боюнча эксперт катары чакырылды.

 

Улуттук университет - ийгиликтердин башаты!

00

2021-жылдын 23-август күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Токиодогу Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйоо аземи болуп, президент Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго жана Мээрим Жуманазаровага мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Азем учурунда машыктыруучулардын эмгеги да белгиленди. Алардын катарында Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Түгөлбай Базакечев да бар. Айсулуу Тыныбекованын чоң спортко чыгышына салым кошкон алгачкы тренери катары Түгөлбай  агайга президент өз колу менен Ардак грамота жана 1 млн. акчалай сыйлык тапшырды.

 

Айсулуу Тыныбекованы машыктырган Түгөлбай агай

00

Ар бир эле белгилүү, дүйнөгө атагы чыккан инсандын жаш кездеги мүмкүнчүлүгүн байкап, жолун ачкан алгачкы окутуучулары болот. Ошондой адамдардын бири Улуттук университеттин факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын доценти, кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Түгөлбай Базакечев. Ал Токиодогу жайкы Олимпиаданын эркин күрөш боюнча күмүш медалынын ээси, аталган спорттун түрү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын алгачкы машыктыруучуларынын бири болгон. Бул тууралуу Түгөлбай агай төмөнкүлөрдү айтып берди:

 

Эгемендүүлүк майрамында кандай эс алабыз?

00КУУнун ректору Канат Садыковдун 2021-жылдын 13-июлунда кол койгон №220-буйругуна ылайык 30-август Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп жарыяланып, эмгек эргүүсүнөн чыккан кызматкерлер 28, 29, 30, 31-август күндөрү эс алышат. Аталган буйрук Кыргыз Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №188 токтомунун негизинде, Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык жана кызматкерлердин эс алуусун рационалдуу пайдалануу максатында чыгарылды.

 

Келишим менен окутуу формаларына абитуриенттерди кабыл алуу улантылууда

00Кыргыз Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартиби тууралуу жобонун" 5.2-пунктуна ылайык жана абитуриенттерди https://2020.edu.gov.kg/ порталы аркылуу онлайн режимде кабыл алууну эске алуу менен, министрлик келишим менен окутуунун бардык формаларындагы ваканттык орундарга ЖРТнын негизинде сынак өткөрүүнүн төмөндөгү графигин бекитти:

 

Абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

002021-жылдын 28-июль күнү 6-окуу имаратындагы 2-дарсканада гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, анда абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйында факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондордун, категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат беришип, кабыл алуу планынын негизинде тигил же бул багыттарга өткөрүү баллын бекитип берүүнү гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө сунушташты.

 

Абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

02021-жылдын 21-июль күнү 6-окуу имаратындагы 2-дарсканада гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 2-турунун жыйынтыгы чыгарылды. Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйында факультет декандары абитуриенттерден келип түшкөн талондордун, категориялар боюнча бөлүнгөн квоталардын саны тууралуу маалымат беришип, кабыл алуу планынын негизинде тигил же бул багыттарга өткөрүү баллын бекитип берүүнү гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө сунушташты.

 

Страница 5 из 13

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 939 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:16
    Мен колежди бутургом. Азыр универге. Тапшырсам болобу? Програмитмин

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 11.11.2021 07:32
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 25.10.2021 08:44
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Бекжан 10.11.2021 13:47
    Здраствуйте! Я щяс учусь на первом курсе в очной , хотчу перейти на заочной . Как мне поступить

    Толугу менен...

     
  • Алмагүл 18.10.2021 20:08
    Саламатсызбы, педагогикалык переквалификаци ядан өтүү керек, кимге кайрылуу керек? Жардам ...

    Толугу менен...

     
  • Тохир 12.10.2021 17:48
    Здравствуйте,по могите пожалуйста уточнить один вопрос. Я, Тургунов Тохир Турсунович, родившийся в ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары