Шейшемби, Июль 07, 2020

КУУдагы соңку жаңылыктар

Геофактын студенттери республикалык олимпиадада I орунду ээлешти

00

География, экология жана туризм факультетинин студенттери К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн университеттер аралык II республикалык олимпиадага катышып, 8-команданын ичинен биринчи орунду ээлешти.

 

КУУда профессор Абдыкадыр Садыковдун 85 жылдык мааракеси белгиленди

00

2018-жылдын 25-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин “Манас таануу жана дүйнөлүк адабият” кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Садыковдун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 65 жана туулгандыгынын 85 жылдыгына арналган “Окумуштуу. Педагог. Устат” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Экономикалык колледждин командасы "Ректордун кубогун" жеңип алды

000

2018-жылдын 23-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун жетекчиси Канат Садыков “Ректордун кубогу” үчүн кичи-футбол боюнча факультеттер арасында өткөрүлгөн турнирдин жеңуүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Кубок 1-орунду жеңип алган экономикалык колледждин командасына ыйгарылды, ал эми 2-орунду ээлеген чет тилдер факультетинин командасы менен 3-орунга татыган юридикалык факультеттин командасы грамоталар менен сыйланды.

 

Химия жана химиялык технология факультетинде «Химиктер күнү» өткөрүлдү

002018-жылдын 20-октябрында 6-окуу имаратынын 4-кабатындагы фойеде химия жана химиялык технология факультетинин 55-жылдык маарекесине арналган «Химиктер күнү» өткөрүлдү. Иш чарага академиктер Ү.А.Асанов, Б.И.Иманакунов, Б.М.Мурзубраимов, ардактуу профессорлор С.А.Адылов, А.Бугубаев, Т.Т.Кудайбергенов жана окуу иштери боюнча проректор Б.К.Темировдор келишип, куттуктоолорун айтышты жана белектерин тапшырышты.

 

Журналистика факультети 1-курстарга арналган «Студенттик кече» өткөрдү

002018-жылдын 19-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультети 1-курстарга арналган «Студенттик кече» өткөрдү. Салтанаттуу аземди КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады.

 

КУУда мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн жаңы стратегиялары талкууланды

00

2018-жылдын 18-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында "Мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн жаңы стратегиялары» аттуу окуу-методикалык семинар болду. Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган жыйынга министрлик менен Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү катышты.

 

“Ректордун кубогу” үчүн кичи-футбол боюнча мелдештер башталды

002018-жылдын 17-октябрь күнү 6-окуу имаратындагы спорт залда “Ректордун кубогун” жеңип алуу үчүн кичи-футбол боюнча факультеттер арасындагы турнирдин ачылыш аземи болду. Иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков өзү катышып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалады жана футбол тобун алгачкы жолу дарбаза тарапка тээп берди..

 

КУУда “Алло, биз таланттарды издейбиз” сынагы өтүүдө

00Улуттук университетте “Алло, биз таланттарды издейбиз” сынагы башталып, 1-курс студенттери өз таланттарын көрсөтүшүүдө. Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан өткөрүлүп жаткан бул иш чаранын максаты - КУУдагы маданий иш чараларга таланттуу студенттерди тандоо жана аларды республикалык сынактарга даярдоо.

 

КУУнун жамааты "Мугалимдер күнүн" белгиледи (толукталды)

00

2018-жылдын 5-октябрында Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Улуттук университеттин жамааты "Мугалимдер күнүн" белгиледи. КУУнун профессорлук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен ректор Канат Садыков куттуктап, мугалимдик кесиптин мыктыларына министрликтин сыйлыктарын тапшырды.

 

КУУнун жаш манасчылары

00Улуттук университет "Алтындай сѳздү куюлткан, Айкѳлдү айтып туюнткан; Күн-түндѳп айтып "Манасты"; Айрандай элди уюткан" манасчылардан кур эмес. Төмөндө кыргыз филология факультетинде окуган, "төбөсү анча-мынча көрүнүп калган" жаш манасчылар Макулбеков Бактияр, Имашов Бексултан, Болотбеков Чыңгыз, Кубанычбеков Гүлжигит, Биймырза уулу Азиз жана Максат уулу Куттубек  жөнүндө сөз болмокчу:

 

КУУда салттуу исламдын абалы менен көйгөйлөрүнө арналган семинар болду

00

2018-жылдын 2-октябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында терроризмге жана экстремизмге каршы иш-чаралардын алкагында “Салттуу ислам: өлкөбүздөгү ал-абалы, проблемалары” деген темада кеңейтилген семинар болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев ачып, келген меймандар менен тааныштырды жана кеңири кириш сөз сүйлөдү.

 

Дин комиссиясынын кызматкерлери КУУнун студенттери менен жолугушту

00

2018-жылдын 1-октябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери КУУнун студенттери менен жолугушту. Жыйынды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев ачып, аталган комиссиянын жетектөөчү адистери Жумакунов Эсенгелди менен Жунушалиева Эльвираны тааныштырды.

 

Гүлсада Абдыкадырова кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду

00"Кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде" кафедрасынын жамааты ага окутуучу Гүлсаада Абдыкадырованы "Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы" адистиги боюнча педагогика илиминин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен чын дилинен куттуктайт!

 

Сыйлыктарыңыз кут болсун, Арстаналы Ботобекович!

00

Экономика факультетинин "Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит" кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Арстаналы Ботобеков КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси жана КР Өкмөтүнүн алдындагы Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

 

Карысы бардын - ырысы бар!

002018-жылдын 29-сентябрь күнү Биология факультетинин студенттери Карылар күнүнө карата Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу карылар үй-интернатына барып, ал жактагы улгайган адамдарды майрамы менен куттукташты. Студенттер куру келбей, карыларга азык-түлүк, жуунучу каражаттарды тартуулашты жана имараттын аймагын акыр-чикирден тазалап, ата-апалардын баарын кубандырышты.

 

Чет тилдер факультетинде Мамтил күнүнө арналган концерт өткөрүлдү

00

2018-жылдын 26-сентябрь күнү Чет тилдер факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык концерт өткөрүлдү. Факультеттин жамаатын тил майрамы менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев куттуктады.

 

БжБ факультетинде “Эне тил жана Айтматов” аттуу адабий кече болуп өттү

00

2018-жылдын 25-сентябрында Башкаруу жана бизнес факультетинде Мамлекеттик тил күнү жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Эне тил жана Айтматов” аттуу адабий кече болуп, иш чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев менен факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гулмира Осмоналиева катышты.

 

КУУнун студенттери Кореяда жумушка орношуу боюнча маалымат алышты

002018-жылдын 21-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштарды жумушка орноштуруу боюнча жыйын болуп өттү. Иш чараны Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Ырысбүбү Бейбутова ачып, Корея Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча улуттук институтунун кызматкери Ли  Канг Хи айым өз өлкөсүндөгү жумушка орноштуруу системасы боюнча айтып берди.

 

КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

00

2018-жылдын 20-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев ачып, катышуучуларды Тил майрамы менен куттуктады. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев мамлекеттик тилди жаштар арасында кеңири жайылтып, кызыгууларын арттыруу - маанилүү маселелердин бири экендигин белгиледи.

 

КЕФтин жамааты “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу иш чара өткөрдү

00

2018-жылдын 20-сентябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Кыргыз-Европа факультетинин “Бизнес жана коммуникация” кафедрасынын кыргыз тил секциясы тарабынан “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Мээрим Карыпбекова, КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Садык (Алахан) Тиллебаев, факультет деканы Ызатбек Береналиев жана кафедра башчысы Анара Камалова катышты.

 

Студенттер "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата ишембиликке катышы

00

2018-жылдын 15-сентябрь күнү КУУнун студенттер кеңеши менен Бириккен жаштар уюмунун мүчөлөрү жана студенттер "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата өткөрүлгөн ишембиликке катышып, окуу жайдын айланасын, о.э. борбор калаабыздын түштүк тарабында жайгашкан "Сейил" эс алуу жайын ирээттеп, тазалыкка келтиришти.

 

КУУнун студенттери "Айтматовго 90 жыл" эскерүү кечесин өткөрүштү

00

2018-жылдын 14-сентябрында КУУнун студенттер кеңеши менен Бириккен жаштар уюму Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте "Айтматовго 90 жыл" аталышындагы эскерүү кечесин өткөрүштү.

 

КУУда "Журналисттик иликтөөлөр коомдук фондунун” ачылыш аземи болду

002018-жылдын 14-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр коомдук фондунун” ачылыш аземи болуп, жыйынга Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш депутаты Аида Касымалиева, КУУнун ректору Канат Садыков, коомдук ишмерлер, журналисттер жана Бишкектеги университеттердин журналистика факультеттеринин окутуучулары менен студенттери катышты.

 

КУУнун профессору президенттик "Алтын саатка" татыктуу болду

000

"Кыргыз тил илими" кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулованын "Алтай тектүү элдердин цивилизациясы" аттуу китеби 2018-жылдын 26-31-август күндөрү Бишкекте болуп өткөн "Алтай таануу" эл аралык конференциясынын 61-отурумунда окумуштуулардын кызыгуусуна арзып, президенттик "Алтын саатка" татыктуу болду.

 

Страница 24 из 31

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 905 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары