Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУда "Улуттук университеттин күнү" белгиленди

00

2019-жылдын 31-майында КУУнун жамааты салтка айланып калган "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. Майрамдык салтанат башкы имараттагы чоң жыйындар залында өттү. Иш чаранын жүрүшүндө ректор Канат Садыков окуу жайдын жамаатын бүгүнкү майрам менен куттуктап, КУУда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутуп, тарбиялоодо зор ийгиликтерге жетишкен кызматкерлерге Билим берүү жана илим министрлиги менен КУУнун сыйлыктарын тапшырды.

 

Матфактын окутуучулары менен магистранттары Ташкент шаарында болушту

00

2019-жылдын 26-29-май күндөрү алгебра, геометрия, топология жана жогоркуматематиканы окутуу кафедрасынын башчысы Канетов Бекболот, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Рахманкулов Бахтияр, 3-4-курс студентгери жана магистранттар Ташкент шаарында болушту. Аталган сапар эки өлкөнүн Улуттук университеттеринин ортосунда 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн келишимдин алкагында, Өзбек улуттук университенин проректору Р.Н.Рахмоновдун чакыруусу боюнча жана академиялык мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуу максатында ишке ашырылды.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2019-жылдын 28-май күнү башкы имараттагы "Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы инновациялык санариптик технологиялык борбордо" Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында чет тилдер, педагогика, башкаруу жана бизнес факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, Улуттук университеттин күнүнө карата кызматкерлерди сыйлоо, айрым инсандарга "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу, тарифтик саясат, о.э. математика жана информатика факультетинин деканын шайлоону өткөрүү маселелери каралды. 

 

Профессор Г.Жаманкулова Россия табигый илимдер академиясынын академиги болуп шайланды

00 kg

2019-жылдын 20-22-майында кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада болуп өткөн Россия табигый илимдер академиясынын жайкы сессиясына жана эл аралык илимий иш-чараларына катышып келди. 21-майда “Илимдин жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери”, “Медициналык инновациялык технологиялар”, “Илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун эл аралык системасы” деген илимий конференциялар жана окуу-методикалык басылмалардын эл аралык көргөзмө-презентациясы болуп өттү.

 

Башкы имараттын алдындагы аянтчага "Таш шырдак" төшөлүүдө

02019-жылдын 21-майынан бери башкы имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүп, фасад менен колонналар акталып, сырдалды. Учурда имараттын алдындагы аянтчага улуттук колориттеги "Таш шырдак" деп аталган жаңы плиткалар төшөлүүдө. Аталган курулуш материалдарын чыгарган фирманын негиздөөчүсү, "Таш шырдактын" идеясын ойлоп таап, патент алган Абылкасым Бегалиев эгер жаан-чачын болбой турса, ремонт иштери Улутук университеттин күнүнө чейин бүтүп калаарын билдирди.

 

КУУда мамлекеттик тилди ЖОЖдордо окутуунун абалы талкууланды

00

2019-жылдын 23-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Мамлекеттик тилди жана адабиятты ЖОЖдо окутуу: азыркы абалы, тажрыйбалар жана көйгөйлөр” аттуу окуу-методикалык семинар болуп өттү. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Президент Аппаратынын өкүлү С.Тажиматов, Өкмөт Аппаратынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Саралаева, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Г.Ибраимова, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Б.Топоева-Ставинская, о.э. ЖОЖ жетекчилери, окутуучулары жана маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышты.

 

КУУнун окутуучусу Pro Grappling боюнча Азия чемпиону аталды

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт 2019-жылдын 3-5-майында MMAнын «Hosharafu Fighting Championship» версиясы боюнча Индияда болуп өткөн HFC32 эл аралык турниринде жергиликтүү мушкер Рахул Тапаны жеңип, чемпиондук алтын курдун ээси болду. Ошол эле күндөрү профессионалдык грепплингдин Pro Grappling категориясы боюнча Азиялык биринчиликте ийгиликке жетишүү менен алтын медаль тагынып, кайрадан Азия чемпиону аталды.

 

Педагогика факультетинде «Балдарды эртелеп өнүктүрүү» темасында тегерек стол өткөрүлдү

00

2019-жылдын 20-майында педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы Адылбек кызы Гулназдын жетекчилиги астында кафедранын доценти Абдымомунова Гүлжамыш Асековнанын 60 жылдыгына арналган «Балдарды эртелеп өнүктүрүү» темасында тегерек стол болуп өттү. Иш чарага аталган кафедранын доценти А.М.Шеримбекова, ага окутуучулары А.К.Эсенканова, А.Качкын уулу жетектеген "Педагогика жана башталгыч билим берүү" профилинде окуган 2-курстун студенттери катышты

 

Эсенгул Бейшембиев: "Нур–Султан кыргызстандык окумуштуу-юристтин кѳз карашында"

00- 2019-жылдын 17-майында Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университетинин юридикалык факультетинин 20-жылдыгына арналган эл аралык конференцияга мени менен кошо В.Ж.Сагыналиева жана М.Л.Темирбекованы да чакырышты. Конференциянын темасы: “Правовая система и современное государство: проблемы, тенденции и перспективы развития”. Кызыктуу доклад. Игинбаев Алмат магистратураны Лондондо окуган, азыр *Астана эл аралык финансы борборунда* жана *Эл аралык арбитраж борборунда* эмгектенет. 

 

Матфактын студенти - самбо боюнча эл аралык мелдештин коло медалынын ээси

00

Математика жана информатика факультетинин 2-курс студенти Адылбеков Рустамбек "Чыгыш-5" кичи районундагы ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлгөн Улуу Ата-Мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган аскердик самбо боюнча эл аралык мелдеште 3-орунга ээ болуп, коло медаль менен сыйланды. Факультет жамааты өз студентин бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

№5-жатакананын жаштары ифтар өткөрүштү

00

№5-жатакананын жаштары “Дил Мүрөк” уюму менен биргеликте орозо кармаган студенттер үчүн ифтар өткөрүштү. Ооз ачарга 100дөн ашуун студент катышты. Студенттердин айтымында, бул иш чара жыл сайын өткөрүлүп, бул демилгени колдогондор да көбөйүүдө. Алар о.э. Улуттук университеттин жалпы кызматкерлерин, окутуучуларын, студенттерин жана жалпы кыргызстандыктарды улуу орозо айы менен куттукташты.

 

КУУда ордо оюну боюнча республикалык мелдеш болуп өттү

002019-жылдын 18-май күнү КУУнун башкы имаратынын батыш тарабында жайгашкан ордо аянтчасында "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата Бишкек шаардык “Ак ордо” федерациясынын негиздөөчүсү Абдылда Тургунбаевдин байгесине ардагерлер арасында ордо оюну боюнча республикалык мелдеш болуп өттү. Оюнга Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын областтарынан, Ош жана Бишкек шаарларынан келген командалар катышты.

 

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү

002019-жылдын 17-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "II Токтомаматовдук окуулар" деген иш чаранын алкагында коомдук жана илимий ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбековдун 70 жылдыгына арналган  "Аймактык өнүгүүнүн вектору: реалийлери жана перспективалары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.  

 

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

00

2019-жылдын 16-май күнү 8-окуу имаратындагы илимий китепканада Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жарыялаган "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына" карата "Интербилим" маалыматтык-ресурстук залы ачылды. Иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев, факультет декандары, окутуучулар жана студенттер катышты.

 

КУУнун алдындагы Конфуций институтуна 10 жыл

002019-жылдын 15-майында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун 10 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт болуп өттү. Аталган түзүмдүн мааракеси менен жыйындын катышуучуларын КУУнун ректору Канат Садыков, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым, Конфуций институтунун мурдагы (видео аркылуу) жана учурдагы жетекчилери куттукташты.

 

Химфакта магистранттар менен аспиранттардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү

00

2019-жылдын 15-май күнү химия жана химиялык технология факультетинде магистранттардын жана аспиранттардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш чарада бүгүнкү күндө химия жаатында актуалдуу болуп жаткан темалар көтөрүлүп, конференция кызыктуу талкуулар менен коштолду. Өзгөчө суроолорду жана талкууларды "Темирдин жана неодимдин гидроксиддеринин нанобөлүкчөлөрүн камтыган гумин композиттеринин касиеттерин изилдөө" жана "Кыргызстандын өсүмдүктөр сырьесунан алынган целлюлозанын физикалык-химиялык мүнөздөмөсү" атту темалар жаратты.

 

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенттери чемпион аталды

00

2019-жылдын 11-май күнү география, экология жана туризм факультети тарабынан Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн кичи футбол боюнча студенттер аралык мелдешке социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин студенттеринен түзүлгөн курама команда активдүү катышып, биринчи байгени багындырды жана чемпион аталды, ал эми аталган факультеттин философия багытында окуган 4-курс студенти Акматов Даниел «Мыкты оюнчу» наамына татыктуу болду.

 

Биофактын студенти Ишеналиева Назима - Эл аралык марафондун коло медалынын ээси

00

2019-жылдын 11-майында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгына арналган 8–Эл  аралык «Run the Silk road» Ысык-Көл марафону жыйынтыкталды. Мелдешке биология факультетинин биотехнология адистигинин 1-курс студенти Ишеналиева Назима катышып, аялдар арасындагы абсолюттук категорияда 10 км аралыкка чуркоодо байгелүү 3-орунду багындырды.

 

№7-жатаканада матфактын "Дифференциалдык теңдемелер" кафедрасынын күнү өткөрүлдү

02019 жылдын 8-май күнү №7-жатаканада жашаган математик студенттер менен тыгыз байланышта болуу, аларга ар тараптан туура кеңеш берип, бир күн болсо да көңүлдөрүн көтөрүү максатында математика жана информатика факультетинин дифференциалдык теңдемелер кафедрасынын күнү өткөрүлдү. Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө декандын м.а., аталган кафедранын башчысы, профессор Изат Усенов түзүмдүн тарыхы, окутуучулар курамы менен тааныштырса, экинчи бөлүгүндө окутуучулар менен студенттер "Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы" жөнүндө маек курушту.

 

КУУнун жетекчилери Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

00

2019-жылдын 7-майында Улуттук университетте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына арналган иш чаралар болуп өттү. Адегенде мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) менен бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков баштаган активист студенттер Жеңиш аянтына барып, Түбөлүк оттун жанына Улуттук университеттин жамаатынын атынан гүлчамбар коюшту. 

 

КУУ менен ОшМУнун ректорлору өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

00

2019-жылдын 7-майында КУУнун ректору Канат Садыков баштаган делегация Ош мамлекеттик университетине кызматтык сапар менен барып, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өнөктөштүк алакалар, келечек пландар талкууланып, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында КУУнун өкүлдөрү о.э. ОшМУнун факультеттеринде, окуу лабораторияларында, клиникаларында болуп, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, электрондук башкаруу системасы жана инновациялык иш аракеттер менен таанышып чыгышты.

 

Улуттук университетке казак университеттеринин жетекчилери келишти

00

2019-жылдын 6-май күнү КУУнун ректору Канат Садыков Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаев баштаган казак университеттеринин жетекчилерин кабыл алды. Жолугушуунун  жүрүшүндө Улуттук университет менен Казак улуттук педагогикалык университети, Тараз мамлекеттик университети, Тараз мамлекеттик педагогикалык университети, Тараз инновациялык-гуманитардык университети жана Түштүк-Казак мамлекеттик университеттеринин ортосунда окутуучулар менен студенттердин, аспиранттардын жана докторанттардын мобилдүүлүгүн ишке ашыруу багытында кызматташуу  боюнча меморандумдарга кол коюлду. 

 

Улуттук университетте медицина факультети ачылат

0Бул тууралуу Окумуштуулар кеңешинин 2019-жылдын 30-апрель күнү болуп өткөн отурумунда КУУнун ректору Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, медициналык кадрларды даярдоодо зор тажрыйбасы бар Индиянын Бхопал шаарындагы медициналык университет болочок "кыргыз-индия медицина факультетинин" негизги өнөктөштөрүнүн бири болмокчу. - 27-апрель күнү биз аталган университеттин башкы колдоочусу, Кыргызстандагы ири инвестициялык проекттердин катышуучусу "LN Group" компаниясынын өкүлдөрү менен бул багытта кызматташуу боюнча меморандумга кол койдук, - деди Канат Садыков.

 

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде студенттик конференция болуп өттү

00

2019-жылдын 29-апрелинде башкы имараттагы 327-дарсканада тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган “Шанхай кызматташтык уюму жана чөлкөм таануунун актуалдуу проблемалары» аттуу кезектеги студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чараны факультет деканы Аскар Беделбаев ачып, маданияттар аралык байланыштар жана тилдин актуалдуу маселелерине кеңири токтолуп, мындай конференциялар студенттер, мугалимдер жана жаш окумуштуулар үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу экендигин белгиледи.

 

Страница 16 из 32

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1051 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары