Воскресенье, Мая 31, 2020
kg_m RU

КУУдагы соңку жаңылыктар

Окумуштуулар кеңешинин №9-отуруму болуп өттү

002017-жылдын 15-июнь күнү башкы имараттагы диссертациялык кеңештер залында Окумуштуулар кеңешинин №9-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү_маселелер каралды:

 

КУУнун жамааты профессор Ө.Ш.Шаршекеевди акыркы сапарга узатты

02017-жылдын 9-июнунда башкы имараттын алдындагы аянтчада 7-июнь күнү дүйнө салган Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Шаршекеев Өзгөрүш Шаршекеевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

 

Академик Какин Сулайманкулов КУУнун ардактуу профессору болду

00

2017-жылдын 2-июнунда КУУнун ректору Канат Садыков_Улуттук илимдер академиясынын академиги Сулайманкулов Какин Сулайманкуловичтин үйүнө барып (ооруп жатканына байланыштуу), ардагер агайдын ал-акыбалын, ден-соолугун сурап, андан кийин ага "КУУнун ардактуу профессорунун" мантиясын кийгизип, аттестатын тапшырып келди.

 

Ректор шайлоодо жардам көрсөткөн ишенимдүү өкүлдөр менен жолугушту

002017-жылдын 2-июнь күнү КУУнун ректору Канат Садыков шайлоодо жардам көрсөткөн факультеттердеги ишенимдүү өкүлдөр менен жолугушуп, аларга терең ыраазычылыгын билдирди. - Менин жеңишим - бул сиздердин жеңиш. Сиздердин колдооңуздар менен биз башка талапкерлерден көбүрөөк добуш алдык, - деп баса белгиледи ректор.

 

Профессор Таалайбек Каракеевдин кайрылуусу

00

Жакында өткөн биздин университеттин ректорун шайлоо иштери таза жана ачык уюштурулганын маанилүү ийгилик катары белгилегим келет. Мында_университеттин жалпы жамаатынын жана уюштуруу комитетинин ролу зор. Талапкерлер үгүттөө иштерин корректтүү жүргүзүп, жеке чыр-чатакттарга жол бербей, шайлоо процессинде маданияттын жогорку үлгүсүн көрсөтө алышты. Шайлоодо талаптардын чегинде ачык атаандаштык орун алды. Бул - зор жетишкендик.

 

КУУда "Улуттук университеттин күнү" белгиленди

002017-жылдын 31-майында башкы имараттын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты салтка айланып калган "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. Зор ишенич, улуу тилек менен шайланып, кызмат ордуна өкмөт башчынын буйругу менен жаңыдан эле дайындалган ректор Канат Садыков коллективди расмий түрдө КУУнун 85 жылдык_мааракеси менен куттуктады.

 

Канат Садыков КУУнун ректору болуп дайындалды (толукталды)

00

2017-жылдын 30-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында шайлоодо жеңип чыккан Канат Садыковду КУУнун ректору катары жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү._Анын Улуттук университеттин ректору болуп дайындалышы тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 30-майындагы №349-буйругу менен билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева тааныштырды.

 

Садык Алахан: "Улуттук университет – улуттук билим берүүнүн уюткусу"

00Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын флагманы аталган башкы окуу жайыбыз - ооба, ким кандай кабыл албасын турмуш чындыгы ушундай! – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 85 жылдык мааракесин белгилегени олтурат.

 

Ректорду шайлоону өткөрүү боюнча уюшкомдун 3-отуруму болуп өттү

00"Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоону өткөрүү регламентинин" 4-пунктуна ылайык,_2017-жылдын 25-майында башкы имараттагы жыйындар залында КУУнун ректорун шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин үчүнчү отуруму болуп өттү.

 

Башкы имараттын алдындагы клумбаларга гүлдөр отургузулду

002017-жылдын 22-майында башкы имараттын алдындагы клумбаларга ботаникалык бактын кызматкерлери тарабынан тагетес, пеларгония, астра жана георгин аттуу гүлдөрдүн 1740тан ашык көчөттөрү отургузулду. Аталган түзүмдүн жетекчиси Кубанычбек Эшимбековдун айтымында, бул иш-чара КУУнун айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында өткөрүлдү.

 

Окумуштуулар кеңешинин №8-отуруму болуп өттү

002017-жылдын 19-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин №8-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор_Урмат Аманалиев_алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:Â

 

Профессор Батыйгүл Баячорова - “Ысык Көл облусунун ардактуу атуулу"

02017-жылдын 17-майында маалыматтык жана_инновациялык технологиялар факультетинин профессору Батыйгүл Баячоровага “Ысык Көл облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Аталган сыйлыктын күбөлүгүн Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери_факультеттин окумуштуулар кеңешинин отурумунда тапшырды.

 

Химфактын жамааты кесиптик майрамын белгиледи (толукталды)

002017-жылдын 13-майында №6-окуу имаратынын 4-кабатындагы фойеде химия жана химиялык технология факультетинин жамааты "Химиктер күнүн" белгилешти. Факультет жамаатын кесиптик майрамы менен КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков куттуктады.

 

Биофактын студенти Жолочиева Эльвира - "КУУнун периси - 2017" (+видео)

002017-жылдын 10-майында Кожомкул атындагы спорт сарайында “КУУнун периси - 2017” сынагынын финалы болуп өттү. Иш чара саат 18.30да башталып, түн бир оокум болуп калганда аяктады. Калыстар тобунун чечими менен "КУУнун перси - 2017" наамы биология факультетинин 3-курс студенти Жолочиева Эльвирага ыйгарылды.

 

Ректорду шайлоону өткөрүү боюнча уюшкомдун 2-отуруму болуп өттү

002017-жылдын 29-апрелинде башкы имараттагы жыйындар залында (231-ауд.) КУУнун ректорун шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыканов алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

 

Матфактын 85 жылдык мааракеси белгиленди

00

2017-жылдын 27-апрелинде №6-окуу имаратындагы 5-дарсканасында математика жана информатика факультетинин 85 жылдык мааракеси белгиленди. Жыйынды факультеттин деканы Бекжан Темиров куттуктоо сөзү менен ачып, алдыңкы студенттерге жана окутуучуларга төмөндөгү номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшырды:

 

КУУда мамтил боюнча ЖОЖдор аралык I олимпиада болуп өттү (толукталды)

002017-жылдын 20-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында мамлекеттик тил боюнча_Бишкек шаарындагы_жогорку окуу жайлар аралык I студенттик олимпиаданын ачылыш аземи болду. Жыйында_Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы_Назаркул_Ишекеев, КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков, Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев жана Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибрагимовалар сөз сүйлөп, калыстарга - тактыкты жана калыстыкты, катышуучуларга - ийгиликтерди каалашты.

 

Бириңерден бириң эр, ректор болчу кимиңер?

00

"Кыргыз Туусу" гезитинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги санына_"Кыргыз улуттук университетинин ректорунун бош кызмат ордуна конкурс" тууралуу жарыя чыкты. Бул - ректорлук кызматка ат салышчу инсандардын жарышы башталды дегенди билдирет._Талапкерлерди каттоо жана документтерин кабыл алуу 2017-жылдын 28-апрель күнү саат 17.00 чейин жүргүзүлөт.

 

Аруулуктун башаты - аялзат! (толукталды)

00

2017-жылдын_18-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Аруулуктун башаты аялзат” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Илимий жыйында адеп-актыктын башаты болушкан аялдардын коомдогу орду менен ролу, көйгөйлүү проблемалары тууралуу сөз болду.

 

Ректорду шайлоону өткөрүү боюнча уюшкомдун алгачкы отуруму болуп өттү

002017-жылдын 17-апрелинде КУУнун ректорун шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйынды аталган органдын төрагасы, билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыканов алып барды.

 

КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков Ирандык делегацияны кабыл алды

00

2017-жылдын 14-апрелинде КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур мырзаны жана Мохаггег Ардабили университетинин ректору Гудаз Садеги мырзаны кабыл алды.

 

КУУда Жусуп Мамайдын өмүр жолуна арналган эл аралык ИПК өткөрүлдү

00

2017-жылдын 14-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында кытайлык залкар кыргыз манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, маркум Жусуп Мамайдын өмүр жолуна жана чыгармачыл мурасына арналган “Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору” аттуу IV эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

 

Окумуштуулар кеңешинин №7-отуруму болуп өттү

002017-жылдын 11-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин №7-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:Â

 

Жаңы ректордун жаңы талаптары: "Урууну ойлобой, улутту ойлонолу"

00

2017-жылдын 10-апрелинде ректораттагы жыйындар залында Улуттук университеттин түзүм жетекчилери катышкан өндүрүштүк кеңешме болуп өттү. Жыйында КУУнун ректорунун м.а. Канат Садыков сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

 

Страница 30 из 30

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 787 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Студент 28.02.2020 00:22
    Саламатсызбы! Мен 5курста окуймун дистанционно Летний сессияны тапшырганга доступ бербей жатышат,келип ...

    Подробнее...

     
  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары