Вторник, Сентября 17, 2019
kg_m RU

Салават Сагитовго "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУда факультеттер аралык 67-студенттик спартакиада башталды

002017-жылдын 31-октябрында 6-окуу имаратындагы спортзалда факультеттер арасындагы 67-студенттик_спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Таймаштардын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев кайрылды.

 

КУУнун дагы бир студенти президенттик стипендияга татыктуу болду

00Окуудагы,_илимий-чыгармачыл жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн_КУУнун дагы бир студенти өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендиясына татыктуу болду. Ал - мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 4-курс_студенти Жыргалбеков Айбек.

 

КУУда “Китеп кудугу” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү

00

2017-жылдын 20-октябрында башкы имараттын фойесинде_Мамлекеттик китеп палатасы жана_“Сабат” кыргыз китеп борбору тарабынан уюштурулган “Китеп кудугу” долбоорунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Китеп палатасынын төрага орунбасары Кален Сыдыкова, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Эрнис Үсөнов жана декандардын орун басарлары катышты.

 

КУУнун студенти президенттик стипендияга ээ болду (толукталды)

0Окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде айырмалангандыгы үчүн_Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин 4-курс студенти Коконбай кызы Акжолтой_Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болду. Аталган сыйлыкты ал 2017-жылдын 18-октябрында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин өз_колунан алды.

 

КУУда “Баласагын ТВ” телестудиясы ачылды

00

2017-жылдын 6-октябрь күнү КУУнун журналистика факультетинде “Баласагын ТВ” телестудиясы ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чарага КУУнун ректору Канат Садыков, ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова, тележурналист Байма Сутенова, KG групп компаниясынын президенти Имамидин Ташов, журналисттер жана факультеттинин жалпы жамааты катышты.

 

КУУнун студенти Жаштардын бүткүл дүйнөлүк XIX-фестивалына катышат

00

2017-жылдын 6-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков 14-22-октябрда Сочи шаарында өтүүчү Жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк XIX-фестивалына жолдомону жеңип алган кыргыз филология факультетинин студенти, жаш манасчы Азиз Биймырза уулун кабыл алып, ага ак жол каалады жана Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, жаңы идеялар жана сыйлыктар менен келишине тилектеш экендигин билдирди.

 

КУУда "Мугалимдер күнү" белгиленди

0

2017-жылдын 6-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Мугалимдер күнүнө" арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Улуттук университеттин профессорлук-окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен КУУнун ректору Канат Садыков куттуктап, мугалимдик кесиптин алдыңкыларына сыйлыктарды тапшырды.

 

КУУнун ректору түрк өкүлдөр тобун кабыл алды

00

2017-жылдын 5-октябрында КУУнун ректору Канат Садыков Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Реджеп Сула мырза жана Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агентствосунун (ТИКА) жаңы программалык координатору_Али Муслу мырза баштаган түрк_өкүлдөр тобун кабыл алды.

 

Педфакта Азия оюндарынын чемпионун тосуп алуу аземи болду

00

Мурда кабарлангандай, педагогика факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн V Азия оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын медалды жеңип. алган. 2017-жылдын 29-сентябрында аталган факультетте чемпионду тосуп алуу аземи болуп, окутуучулар менен студенттер_Бекзатты жеңиши менен куттукташты.

 

КУУнун бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат - Азия оюндарынын чемпиону

00

Педагогика факультетинин 2017-жылдагы бүтүрүүчүсү Тынчтыкбек уулу Бекзат Түркмөнстандын_Ашхабад шаарында өтүп жаткан V Азия оюндарында_бел боо күрөшү боюнча_алтын медаль тагынды. Ал чейрек финалда пакистандык_Мухаммад Шахидди, жарым финалда түркмөнстандык_Муратхан Азадовду, ал эми финалдык беттеште түркмөн спортчусу_Сапа Жумаевди жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болуп калды.

 

КУУнун ректору Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды

00

2017-жылдын 21-сентябрында КУУнун ректору_Канат Садыков_Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси_Али Хакимпур мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университетте Ирандын маданий борборун ачуу маселеси талкууланды.

 

КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

002017-жылдын 21-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата “Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилде билим берүү маселелери” аттуу кереге-кеңеш болуп өттү. Жыйындын катышуучуларын тил майрамы менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана_КУУнун ректору Канат Садыков куттукташты.

 

6А-окуу имаратында "Токбол" ашканасы ачылды

00

2017-жылдын 20-сентябрь күнү 6А-окуу имаратында "Токбол" ашканасы ачылды. Бул окуяга арналган салтанаттуу азем башталаардан мурун, профкомдун төрагасы_Кубанычбек Жумабеков студенттерден сурамжылоо жүргүзүп, студенттер ага ашканадагы тамактардын баары даамдуу, баалары арзан экендигин айтып беришти.

 

Башкы имараттагы ашкана ишке кирди

00

2017-жылдын 15-сентябрь күнү университеттин түзүм жетекчилеринин катышуусу менен башкы имараттагы ашкананын ачылыш аземи болуп өттү. Профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков аларга арендатор Асанбаева Динараны тааныштырып, ашканада_жай бою ремонт иштери жүргүзүлгөнүн жана учурда анын абалы санитардык нормаларга жооп берерин билдирди.

 

КУУда жаңы окуу жылына даярдык боюнча чоң кеңешме болуп өттү

002017-жылдын 22-августунда ректораттагы жыйындар залында университеттин бардык түзүм жетекчилери катышкан чоң кеңешме болуп өттү. Жыйынды ачып жатып, КУУнун ректору Канат Садыков кесиптештерин келе жаткан Эгемендүүлүк күнү, Курман айт жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

00

2017-жылдын 26-июль күнү саат 14:00дө_кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев_ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы 211-аудиторияда гранттык комиссиясынын отуруму башталды.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды

00

2017-жылдын 24-июлунда окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев_кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратына келип,_ЖРТ талондорун чогултуучу үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, Улуттук университетте жаңы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

00

2017-жылдын 19-июль күнү саат 14:00дө кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, аталган_комиссиянын төрагасы, КУУнун ректору_Канат Садыков_ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы 211-аудиторияда гранттык комиссиясынын отуруму башталды.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды

002017-жылдын 17-июлунда КУУнун ректору_Канат Садыков_эрте менен саат 7:30да кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратына келип, ЖРТ талондорун чогултуучу үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, Улуттук университетте жаңы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды.

 

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыктары чыгарылды

002017-жылдын 12-июль күнү саат 14:00дө кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери жабылып, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру соңуна чыкты. Аталган комиссиянын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков_ЖРТ талондору чогултулган үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, ошол эле имараттагы конференц-залда Улуттук университеттин гранттык комиссиясынын отуруму башталды.

 

Улуттук университетте абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру башталды

002017-жылдын 10-июль күнү эрте менен саат 7:30да кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков ЖРТ талондорун чогултуучу үкөктөрдүн капкактарын жаап, колун коюп, мөөрүн баскандан кийин, кабыл алуу комиссиясы жайгашкан имараттын эшиктери кенен ачылып, быйылкы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру башталды.

 

КУУ жана СПУнун Башкаруу кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү

02017-жылдын 5-июлунда ректораттын жыйындар залында Кыргыз улуттук университетинин жана_Синьцзян педагогикалык университетинин Башкаруу кеңешинин кезексиз отуруму болуп, жыйында КУУнун алдындагы_Конфуций институтунун мындан ары өнүгүү стратегиясы жана эки университеттин эл аралык кызматташуусунун келечеги жана проблемалары талкууланды.

 

Самат Токтогонов физфактын деканы болуп шайланды

00Бул тууралуу_2017-жылдын 23-июнунда 6-окуу имаратындагы 7-аудиторияда болуп өткөн_аталган факультеттин окутуучулар жамаатынын_жалпы жыйынында белгилүү болду. Шайлоого 35 окутуучунун 28и катышып, алардын 26сы өз добуштарын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, буга чейин Ельцин атындагы КОСУда кафедра башчысы болуп иштеген Самат Токтогоновго беришти.

 

КУУнун кабыл алуу комиссиясы өз ишин баштады

00

Улуттук университеттин кабыл алуу комиссиясы өз ишин баштады. Бул окуяга байланышкан жыйын 2017-жылдын 20-июнунда №6-окуу имаратынын 1-аудиториясында болуп, аталган органдын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов комиссия мүчөлөрүнө кабыл алуунун эрежелери, алардын иш тартиби жана_милдеттери тууралуу айтып берди.

 

Страница 17 из 19

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 294 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер