Түзүмдөрдөгү жаңылыктар

Октябрь Капалбаев МжМБ факультетинин студенттерине конок лекция окуду

2024-жылдын 18-мартында Президенттик Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Октябрь Капалбаев башкы имараттагы кичи…

№7-жатаканада жашаган студенттер өлкө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргыз күрөшү боюнча Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы чемпионатына №7-жатаканада жашаган КУУнун студенттери катышып, 156 спортчунун арасында байгелүү орундарга ээ болушту. Жеңүүчүлөргө дипломдор…

Конфуций институту кытай тилинин деңгээлин аныктоо боюнча экзамен өткөрдү

2024-жылдын 16-февралында КУУнун алдындагы Конфуций институту 4-окуу имаратында жана Бишкек шаарындагы №2-орто мектебинде HSK жана HSKK кытай тилинин деңгээлин аныктоо боюнча экзамен өткөрдү. Сынакка 1000ден ашык студенттер жана окуучулар катышты.…

ЭЖМде өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү

2024-жылдын 15-мартында экономиканын жогорку мектебинде өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү. Жыйында ЭЖМ директору Эркин Кулова менен практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев сөз сүйлөштү. 4-курс студенттери отчет берип, практикала…

ЖКИнин волейбол боюнча кыздар командасы ректордун кубогун жеңип алды

2024-жылдын 14-мартында башкы имараттагы жыйындар залында ректордун кубогун жеңип алуу үчүн волейбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болду. Аталган мелдеште журналистика жана коммуникация институтунун волейбол боюнча кыздар курама командасы…

КФФ доценттери Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган иш чарага катышты

2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Ишки иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясында Кыргыз эл акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлүп, ага кыргыз филологиясы факультетинин доценттери Назгуль Турдубаева,…

«Кыргызстандын жөө туризм союзунун» өкүлдөрү геофактын студенттерине лекция окушту

2024-жылдын 14-мартында «Кыргызстандын жөө туризм союзу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Нурболот Эсенкожоев менен Максат Кыргызбай уулу география, экология жана туризм факультетинин «Туризм» багытынын 2-курс студенттери үчүн «Кыргызстандагы туризм жана альпинизм» темасында…

Түрксой уюмунун өкүлдөрү ТжКТ бөлүмүнүн студенттерине конок лекция окушту

2024-жылдын 14-март күнү Түрксой уюмунун өкүлдөрү профессор Тимур Давлетов менен PhD Сабырбек Бөрүбаев кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттерине конок лекция окушту. Сабакка факультет деканы Бактыбек Жайлообаев,…

Түндүк Каролина унивеситети менен кесиптик колледждин студенттери волейбол ойношту

2024-жылдын 13-мартында кесиптик колледждин суденттери АКШнын Түндүк Каролина мамлекеттик унивеситетинин студенттери менен волейбол ойношту. Англис тилинде баарлашуу жана достошуу максатында өткөрүлгөн бул достук оюну студенттерге абдан чоң таасир калтырды. Алар…

УТРКнын бөлүм башчысы ЖКИнин студенттерине мастер-класс өттү

Журналистика жана коммуникация институтунда студенттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында практик журналисттер менен тыгыз иштешүү салтка айланган. УТРКнын жарнама жана коммерция бөлүмүнүн башчысы Айнура Майрамбек кызынын “Реклама кечээ, бүгүн жана эртең”…

Кесиптик колледждин студенттери юридикалык институт уюштурган футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээледи

2024-жылдын 9-мартында юридикалык институт директордун кубогун утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш уюштуруп, 26 команданын ичинен кесиптик колледждин студенттери 1-орунду багындырды. Курама команданын мүчөлөрү медаль, дипломдор менен сыйланды. (С)…

Физика жана электроника факультети “Кош жылдыз” сынагында 2-орунду ээледи

2024-жылдын 7-мартында Башкы корпустун жыйындар залында Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин факультеттер, институттар жана колледждер аралык “Кош-Жылдыз” конкурсу өткөрүлдү. Ал конкурста физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасынын лаборанты Тыныбек к.…

КУУнун философтору Чолпон Сааданбекованы докторлук диплому менен куттуктайт!

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын жалпы жамааты Сааданбекова Чолпон Идирисовнаны 09.00.11- “Социалдык философия” адистиги боюнча “Философия илимдеринин доктору” илимий даражасынын дипломун алышы менен чын дилден куттуктайт!…

Геофактын студенттери «Аялзат – аалам ажары» атуу концерттик программа тартуулашты

География, экология жана туризм факультетинин студенттери Айымдардын эл аралык күнүнө карата «Аялзат – аалам ажары» атуу концерттик программа тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин чыгаан айымдары Курманжан датка, Бүбүсара Бейшеналиева,…

Кыргыз филологиясы факультетинде айымдардын эл аралык күнү белгиленди

2024-жылдын 6-мартында кыргыз филологиясы факультетинин балдар жамааты тарабынан “Аялзат – аалам ажары” аттуу концерттик программа уюштурулду. Иш-чарада студенттер түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүшүп, келген жалпы айымдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Кеченин соңунда факультет…

КТЖИИнин отличниктерине ардак грамоталар тапшырылды

2024-жылдын 6-мартында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда институттун илимий кеңеши болуп өттү. Институттун директору Рыспаев А.О. окууда жогорку натыйжаларды көрсөткөн КТЖИИнун отличниктерине Ардак грамоталар тапшырылды, ошондой эле студенттердин жасалма…

“Нур Телеком” компаниясы менен “Intern Labs” долбоорунун өкүлдөрү КТЖИИ студенттери менен жолугушту

2024-жылдын 6-мартында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда “Нур Телеком” компаниясы менен “Intern Labs” долбоору боюнча жолугушуу болуп, анда КТЖИИ студенттерине окутуу үчүн жаңы билим берүү долбоорунун башталышы тууралуу маалымат…

ККДКЖИнин гимназиясында “Ак калпак”, 23-февраль жана 8-март күндөрүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

2024-жылдын 5-мартында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун гимназиясында «Ак калпак”, 23-февраль жана 8-март күндөрүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдешке гимназиянын 10-11-класстардан турган 3 команда катышты. Алып баруучу…

Матфакта кышында кабыл алынган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү

2024-жылдын 5-март күнү 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында математика жана информатика факультетинин кышында кабыл алынган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Факультет деканы Изат Усенов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап,…

Педколледж Т.Эрматов атындагы БМПК менен кызматташат

2024-жыл 4-март күнү И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин окутуучулары менен студенттери мобилдүүлүк программасынын алкагында Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине барышты. Нуруева Жаңыл студенттерге «Башталгыч математика курсун окутуунун методикасы» сабагынан «Аянт…