2024-жылдын 1-21-август күндөрү география, экология жана туризм факультети Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер университетинин география кафедрасы менен биргеликте «Кыргызстандагы жаштар арасындагы миграция» деген темада изилдөө жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн чет элдик жана факультеттин студентери үчүн жайкы мектеп уюштурду.
Ага Берлин технологиялык, Бизнести башкаруу боюнча прикладдык илимдер (Цвикау ш.), Мюнстер психология, Кельн, Гент, Фрайбург, Катани университеттеринин, Эл аралык мамилелер жана башкаруу OTH Регенсбур, Берлиндеги Чыгыш Европа изилдөөлөрүнүн эркин университетинин, Бонн коомдук илимдер жана коммуникацияларды изилдөө университетинин, Марбург саясий илимдер университетинин, Швайнфурт приклаттык илимдер университетинин, Марбург саясий илимдер университетинин, Карл Вюрцбург-Швайнфурт прикладдык илимдер университетинин (Германия), Венгриянын Андраши университетинин, Швейцариянын Берн университетинин жана география, экология жана туризм факультетинин студенттери катышты.
Факультеттин окутуучулары жайкы мектеп учурунда Кыргызстандагы ички жана тышкы миграция боюнча лекцияларды окушту. Мындан тышкары, казак, немец, корей диаспоралары, жумуш берүүчүлөр жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу уюшурулуп, Ысык-Көл жана Нарын облустарында талаа шартында жергиликтүү жашоочулардын арасында сурамжылоо жүргүзүлдү жана жаштардын арасындагы миграциянын көйгөйлөрү изилденди.
(С) Байсеитова М.Р. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары