2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунда кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн “Лингвистика” (түрк тили) багытына 29 абитуриент катталып, анын ичинен 21 абитуриент документтерин тапшырышты. Алардын (21 абитуриенттин) бир жылдык контрагын Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү башкармалыгы төлөп берди.
Бөлүм башчысы Бурул Элебесова менен улук окутуучусу Фаризат Курамаева тарабынын көтөрүлгөн демилге Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана Билим берүү кеңешчилигинин колдоосуна ээ болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр мыкты жыйынтыктарды берди.
Түрк дүйнөсү менен Кыргызстандын жаш муундарынын келечеги үчүн өз салымдарын кошуп, жардамга колун сунган боордош түрк туугандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.
Ал эми 1-курска келген келечектеги болочок түрколог-студенттерибиздин окууларына ийгилик каалайбыз.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы



