Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2024-жылдын 14-16 июль күндөрү Бухара шаарында болуп өткөн  джиу-джитсу боюнча Азия  биринчилигине 85 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ээледи.

Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны алтын медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт!

КУУнун окутуучулары жана студенттери дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, Азиялык оюндардын жана биринчиликтин 5 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, ММАнын HFC32 жана GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат.

Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий