2024-жылдын 17-28-июнь күндөрү тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценттери Салайдин Эралиев, Элида Толобаева, Алтынай Мамытова, ага окутуучусу Сыймык Токобаев, окутуучусу Гүлбарчын Амирбек кызы жана “Тарых”, “Чөлкөм таануу”, “Музеология, табигый жана маданий эстеликтерди сактоо”, “Архив таануу”, “Адабий чыгармачылык (араб тарыхый жазма чыгармачылыгы)” багытындагы 1, 2, 3- курстарынын студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетине барып келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө КУУнун окутуучулары менен студенттерине Ш.Рашидов атындагы СамМУнун тарых, психология жана социалдык-саясий илимдер факультетинин профессорлору тарабынан лекциялар окулуп, биргеликте тыгыз иш алып барышты.

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучулары менен студенттери о.э. Самарканд шаарынын тарыхый-архитектуралык комплекстери менен да таанышып келишти.

Иш сапардын жыйынтыгында тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучулук курамы академиялык мабилдүүлүк программасынын алкагында стажировкасын жана студенттер илимий-өндүрүштүк практикасын ийгиликтүү аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

(С) Руслан кызы Нураида – курстун менежери, жетектөөчү адис

Добавить комментарий