Профессор Б.Э.Канетов 2024-жылдын 27-июнунан 5-июлуна чейин Сербиянын Врнячка-Бани шаарында өткөн  “Analysis, Topology and Applications” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга катышып, КУУнун аспиранттары Махабат Бекназарова жана Бакир Жадилов менен биргеликте даярдалган “Selection Principles in Topological Vector Spaces” жана “Some Properties of Remainders of Uniform Spaces and Uniformly Continuous Mappings” аттуу баяндамаларды жасады. Баяндамалар зор кызыгууларды жаратып, берилген суроолорго таамай жоптор берилди. Канадалык, Грециялык, Түштүк Кореялык, Сербиялык, Словакиялык жана Македониялык окумуштуулар бир калыптуу топологиянын Кыргызстандагы ордун жогору баалашты. Жасалган баяндамалар конференциянын илимий комитетинин чечими менен “Kragujevac Journal of Mathematics” (quartile – Q2), “Filomat” (quartile – Q3) журналдарына жарыялоого сунушталды.    

Конференциянын ачылышында профессор Б.Э.Канетов КУУнун атынан сүйлөп, конференциянын уюштуруучуларына университеттин атынан белектерди тапшырды. Конференциянын ишине жыйырмадан ашуун мамлекеттин окумуштуулары катышышты.

Конференция өткөн жер окумуштуулар үчүн дискуссиялардын жана жаңы идеялардын жаралышына илимий аянтча болду. Сербиялык математик Л. Кочинац менен жаңы идеяларды тең бөлүшүп илимий коллаборациянын алкагында “Generalization Selection Principles in Topological Spaces” аталыштагы илимий макаланы биргеликте жазып чыгарууну мерчемдешти. Словакиялык окумуштуу профессорлор Любиса Хола жана Душан Холалар менен баарлашып изилдөө темалар окшош экендиктерин жана келечекте жасай турган көп маселелер бар экендиктерин белгилешти жана алар профессор Б.Э. Канетовду сентябр айында Словакияда өтүүчү 38 – жайкы эл аралык топологиялык конференцияга келип катышуусуна чакырышты. О.э. Македониялык окумуштуу Никита Шекутовский дагын жабдуулар теориясын талкулоо максатында профессор Б.Э. Канетовду июль айында Македониянын Охрид шаарында өтүүчү топологиялык эл аралык конференцияга келип катышууга чакырды. Белгилүү окумуштуу математик Владимир Тодоров менен “Топологиялык килемдер” боюнча жана аларга кантип улуттук колориттерди берүү көйгөйлөрү жөнүндө баарлашты.

(С) Рахманкулов Б.З. – ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий