2024-жылдын 19-июль күнү 6А-окуу имаратындагы 401-дарсканада “Кумтор” компаниясынын колдоосу менен жабдылган кесиптик колледждин смарт-класстынын ачылыш аземи болду.
Дарскананын кире беришине тартылган кызыл лентаны окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов менен аталган колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу кескенден кийин иш чаранын катышуучулары жаңы ачылган класска орнотулган компьютердик техника менен таанышып чыгышты.
Андан кийин Ардакбек Каныбек уулу смарт-класстын ачылыш тарыхы, анда орнотулган техниканын мүмкүнчүлүтөрү тууралуу кыскача маалымат берип, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов смарт-классты ачууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн “Кумтор” компаниясынын жетекчилигине ректор Төлөбек Абдырахмановдун атынан ыраазычылык билдирди жана университеттеги ар бир жетекчи ушундай иштеш керектигин белгиледи.
Смарт-класстын ачылышы менен о.э. кесиптик колледждин мурдагы директору Аскар Акматов жана колледждин “Котормо иши” бөлүмүнүн окутуучусу Саадат Муратова куттукташты.