2024-жылдын 12-июль күнү КУУнун “Математика” адистигин 1994-жылы ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр 30 жылдан кийин жолугушууга келишти. Жыйынды факультет деканы Изат Усенов ачып, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултановго сөз берди.

Проректор чогулушутун катышуучуларын бүгүнкү майрам күнү менен куттуктап, мугалимдердин ролу биздин жашоодо баа жеткис экендиги жөнүндө сөз кылды. Буга далил катары, өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы саналган билим берүү системасында жаштарды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге умтулууга үндөп, эл жерине татыктуу жаран катары кызмат кылууга дайыма жол көрсөтүп, алардын ой-өрүшүн өркүндөтүүгө, позициясы күчтүү, өз идеяларын коомчулукка жеткире билген жаштарды тарбиялоодо зор салым кошуп, бүткүл чыгармачыл кудуретин келечек ээлерине жумшап келген математик агай-эжейлерге өз ыраазычылыгын билдирди.

Жеңиш Бексултанов о.э. Улуттук университет үчүн ар бир бүтүрүүчү маанилүү экендигин баса белгилеп, дайыма алар үчүн эшиги ачык болорун айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жыйындын катышуучулары 30 жыл мурда ар бири баштан кечирген эң кымбат студенттик күндөрдөгү көз ирмемдерди эскерүү жана майрамдоо күнүн белгилөө максатында баардык илимдер боюнча билим берүү, илимий-изилдөө, маданий агартуучу ишмердүүлүк, үзгүлтүксүз билим берүүнүн баардык деңгээлинде жүргүзүлүүчү мамалекеттик уникалдуу окуу жай, тагыраак айтканда ЖОЖдордун флагманы аталган улуттук университеттен 30 жылдан кийин өзүлөрү учкан уядан кайрадан жолугушуп олтурганына сүйүнүшүп, билим берген агай-эжейлерин эскеришип, бүгүнкү күндө өз кесиптери боюнча үзүрлүү эмгектенип келе жатканы тууралуу сөз кылышты.

Жыйындын биринчи бөлүгү аяктап, этно-фуршет уюштурулуп, эс алуу учурунда мамлекеттүүлүктүн  100 жылдыгына карата “Мамлекеттин калыптанышындагы математика илиминин орду жана келечеги” темасында талкуу болду.

Жолугушуунун алкагында университет боюнча экскурсия жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөр окуу жайга жана уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдирди.

Уюштуруу тобунун айтымында, мамлекетибиздин 100 жылдык маарекесин эске алып, түшкү тамактануу “Дасмия” компаниясынын “Чарпая” этно-комплексинде  жети дубандан келишкен кыргыз интелегенциясы бир түндүккө биригип, ынтымагыбыз биригип, сый-урматыбыз тереңдей берсин деген максатта кыргызымдын кылым кечип келген турагы болгон боз үйго уюштурулганын билдиришти.

Жыйындын экинчи бөлүгү чакан концерт менен коштолуп, иш-чаранын активдүү катышуучулары “Ыраазычылык кат” менен сыйланышты.

 Жолугушуунун соңунда Изат Абдраевич, бүгүнкү иш-чарага Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарынан жана Россиядан бери келишип, жүз көрүшүп, баарлашып, курсташтардын ой бөлүшүп олтурганы жакшы көрүнүш экенин белгилеп, бул жолугушуу сөзсүз түрдө бара-бара толукталып кеңейерин жана кийинки жолугушуулардын негизи болуп берерин баса айтып, кесиптештеринин мындан аркы чыгармачыл иштерине албан-албан ийгиликтерди каалады.

Белгилеп кетчү нерсе, факультет деканы Изат Усенов 1994-жылы КУУнун “Математика” адистигин бүтүргөн.

Урматтуу Улуттук университеттин 1994-жылкы бүтүрүүчүлөрү!

Сиздерди 2024-жылы өткөрүлүүчү 30 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн юбилейлик маарекеси менен математика жана информатика факультетинин жетекчилиги чын дилден куттуктайт!

Андыктан сиздерге эң негизгиси бекем ден соолук, жакындарыңыздарга бакубат жашоо тилейбиз!

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий