2024-жылдын 25-июль күнү КУУнун математика факультетин 1989-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр жолугушту. Улуттук университетти 35 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөрдү окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов тосуп алды. Ал Улуттук университет үчүн ар бир бүтүрүүчү маанилүү экендигин жана алар үчүн окуу жайдын эшиги дайыма ачык болоорун белгиледи.

Жолугушууга келген агай-эжейлер 35 жылдан кийин өзүлөрү учкан уядан жолугушуп олтурганына сүйүнүшүп, баштан кечирген эң кымбат студенттик күндөрүн, билим берген агай-эжейлерин эскеришип, бүгүнкү күндө өз кесиптери боюнча үзүрлүү эмгектенип келе жатканы тууралуу сөз кылышты.

Добавить комментарий