2024-жылдын 1-июль күнү 6-окуу имаратынын 2-дарсканасында математика жана информатика факультетинин бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп, жыйынга факультет деканы Изат Усенов, анын орун басарлары Бактияр Рахманкулов, Фархат Назарбаев жана жетектөөчү адистер Чолпон Байсабаева, Айзада Сыргабековалар катышты.

Декан студенттердин 4 жыл бою жакшы билим алышында факультеттин окутуучуларынын эмгеги зор экендигин баса белгилеп, бүтүрүүүлөр да келечекте кыргыз педагогикасына зор салым кошооруна ишенээрин билдирди. Окууну аяктап жаткан 4-курс студенттери  окутуучу-профессорлор курамына өз ыраазычылыктарын айтышты. 

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү чакан концерт менен коштолуп, окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөр ардак грамоталар менен сыйланышты. Жыйындын сонунда, ата-энелер бүтүрүүчүлөрдү куттукташып, аларды дайыма ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектеш экендигин билдиришти.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий