2024-жылдын 28-июнунда И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим бер технологиялары кафедрасында 550700 – Педагогика багытынын «Башталгыч билим берүү» профили (бакалавр), 550700 – Педагогика багытынын «Башталгыч билим берүү профили» (магистр) боюнча иштелип чыккан негизги билим берүү программасы (НББП) иш берүүчүлөр менен биргеликте талкууланды.

Жыйынга Бишкек шаарындагы №68-мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар мугалими Ч.Б.Султанова, №98-жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими А.У.Урматбекова, Сокулук районунун Первомайское айылындагы №2-Краснооктябр орто мектебинин башталгыч класстар мугалими, окуу иштери боюнча директордун орун басары  Н.Дж.Джурсуналиева, Жайыл районундагы Акынбек Күрүчбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими Э.О.Джееналиева жана кафедранын профессордук-окутуучулар курамы катышышты.

550700 – Педагогика багыты боюнча НББПнын башчысы п.и.к., проф. Адылбек кызы Гулназ Башталгыч аталган негизги билим берүү программасы мамлекеттик стандарттын негизинде талапка ылайык түзүлгөндүгүн билдирип, иш берүүчүлөр менен биргеликте жаңы кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү керектигине токтолду. №68-мектеп-гимназиясынын баштылгыч класстар мугалими Ч.Б.Султанова окутуунун жаңы технологиялары боюнча сабактарды   магистрлерге да киргизүү  сунушун билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында окуу планга жаңы бакалаврга “Башталгыч мектепте окуу, жазуу жана предметтер боюнча  дифференцияланган жана интеграцияланган окутуу”, “Башталгыч класстарда математиканы окутууда интеграцияланган окутуу” ал эми магистрга “Жогорку кесиптик билим берүүнүн технологиялары”, “Кыргызстандын көп маданияттуу мейкиндигинин контекстинде билим берүү”  предметтерди киргизилди.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий