2024-жылдын 19-30-июль күндөрү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту “Комплекстүү системаларды оптималдаштыруунун маселелери” темасындагы жыйырманчы Эл аралык Азия мектеп-семинарынын уюштурууга катышууда.
Бул иш-чаранын уюштуруучулары болуп:
- РИА СБ Эсептѳѳ математика жана математикалык геофизика институту (Россия, Новосибирск);
 - КР ИЖББМ Маалыматтык жана эсептѳѳ технологиялар институту (Казакстан Республикасы, Алматы);
 - Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (Казакстан Республикасы, Алматы);
 - “Туран” университети (Казакстан Республикасы, Алматы);
 - (ММГжКУ) Москва мамлекеттик геодезия жана картография университети (Россия, Москва);
 - Ташкент Маалыматтык технологиялар университетинин Ургенч филиалы (Өзбекстан Республикасы, Ургенч);
 - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (Кыргызстан, Бишкек);
 - Россиянын Сибирь секциясынын колдоосу менен R8 IEEE (Россия, Новосибирск).
 
Ж.Баласагын атындагы КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев жана профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери докладдар менен чыгып, дрондор менен жасалма интеллект көргөзмөсүн уюштурушту. Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Ак-Бермет” пансионатында өттү. Сыдыкова Махабат КТЖИИнин илим иштери боюнча орун басары
(С) Сыдыкова Махабат – КТЖИИнин илим иштери боюнча орун басары
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды