Медиа

КУУда профессор Абдыкадыр Садыковдун адабий чыгармачылык кабинети ачылды

2023-жылдын 5-декабрында 5-окуу имаратындагы “Манас өргөөсүндѳ” филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корр.-мүчѳсү, республиканын илимине эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Абдыкадыр Садыковдун адабий чыгармачылык кабинетинин ачылышына карата эскерүү кечеси болуп…

Доцент Ш.Жусупкелдиев матфактын студенттерине мехатроника жана робот техникасы боюнча дарс өттү

2023-жылдын 4-декабрь күнү доцент Шаршенбек Жусупкелдиев математика жана информатика факультетинин колдонмо информатика багытынын студенттерине «Мехатроника жана робот техникасы» деген темада 2 сааттык дарс өттү. Лекция жандуу өтүп, зор кызыгууну жаратты.…

КУУда Манас эпосунун күнүнө арналган илимий конференция болуп өттү

2023-жылдын 4-декабрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында Манас эпосунун күнүнө карата кыргыз филологиясы факультети тарабынан уюштурулган “Манас”эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Жыйынды илимий иштер…

КУУда кыргыз тилин окутуунун жаңы технологиялары талкууланды

2023-жылдын 1-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Кыргыз тилин окутуунун жаңы технологиялары” аттуу педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш чаранын алкагында п.и.д., профессор Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз тилин…

Жаштар департаменти поэзиялык кече өткөрдү

2023-жылдын 1-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан уюштурулган “Ызгаардагы ыр өмүр” атту поэзиялык кече болуп өттү. Иш чараны департамент директору Кадыр уулу…

Физфактын магистранттары Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата тарбиялык саат өткөрүштү

2023-жылдын 1-декабрында 6-окуу имаратынын 110-дарсканасында физика жана электроника факультетинин ФТОФ(м)-1-22 группасынын магистранттары Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата факультеттин студенттерине тарбиялык саат өткөрүштү. Магистранттар СПИДдин келип чыгуу тарыхы, адамдардын…

Кыргыз филологиясында конок лекция уюштурулду

2023-жылдын 1-декабрында кыргыз филологиясы факультетинде конок лекция уюштурулду. “Кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелери” аттуу лекцияны ЖМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Ибраим Абдувалиев окуду. Анда тил илиминин грамматикасы боюнча кызыктуу маалыматтарды…

КММАнын доценти КФФ студенттерине жугуштуу оорулар тууралуу айтып берди

2023-жылдын 1-декабрында КММАнын доценти, медицина илимдеринин доктору Мейкин Усубалиев кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине “Жугуштуу оорулар, алардын терс таасирлери” аталышындагы конок лекция окуду. Жыйынды факультет деканы Б.Жайлообаев ачып, студенттерге лекторду тааныштырган…

ЕУУда окуган КУУнун студенттери диплом менен сыйланышты

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде окуп жаткан КУУнун 3-курс студенттери Темиркулов Акылмырза менен Карыбеков Кутманбек Казакстан Республикасынын улуттук валюта күнүнө карата Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУда өткөрүлгөн “Казакстан…

Кыргыз филологиясы факультетинде “Студенттик сабак” өтүлдү

2023-жылдын 30-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинде “Адистикке киришүү” предметинен КТАОМ-1-22 группасынын студенттери Жайлообаева Милана менен Максатбекова Медина “20-30-жылдардагы прозада фольклордук таасирдин калыптанышы” деген темада студенттик сабак өтүштү. Алар буга чейин алган…

ПКМДИнин студенттери стартаптар фестивалында IV-орунду ээлешти

2023-жылдын 29-ноябрында болуп өткөн «KNU InnoFest – 2023» деген аталыштагы стартаптардын фестивалына жалпысынан 45 команда катышып, анын ичинен И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун Пед-2-21 тайпасынын студенттери IV-орунду багындырып,…

Педколледждин студенттерине Улуттук тарых музейинде сабак өтүлдү

2023-жылдын 30-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин окутуучусу Назира Жапсарбаева “Маданият таануу” сабагынан “Байыркы кыргыздардын дүйнө таанымы жана Кыргызстан дүйнөлүк цивилизациянын очогу катары” деген теманын алкагында студенттерди Улуттук тарых музейине…

Матфакта 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болду

2023-жылдын 30-ноябрында 6-окуу имаратындагы 5-дарсканасында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болду. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкулов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап,…

«Бажы иши» адистигинин студенттери Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты

Юридикалык институттун «Бажы иши» адистигинин күндүзгү бөлүмүнүн студенттери «Укук таануу жана бажы иши» кафедрасынын башчысы Рахатбек Ибраимов жана окутуучулары менен биргеликте Ч.Айтматовдун үй-музейине барышты. Иш-чара кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз…

Scopus’та иштөө боюнча кезектеги семинар болуп өттү

2023-жылдын 30-ноябрында №6 окуу имаратынын 217-кабинетинде “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макала жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар болуп өттү. Сабакка география, экология жана туризм, биология, о.э. химия…

СГИИнин окутуучулары Медакадемиядагы илимий конференцияга катышты

2023-жылдын 29-ноябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек жана доценттер Шакирова С.А., Осмонова Д.А., Кошбакова Б.М., Шайдылдаева А.К., Сыдыкова Г.М., ага окутуучулар Апсаматова Э. Дж., Усөнбек кызы Г. жана…

Кесиптик колледжде кыргыз элинин чечендик өнөрүнө арналган ачык сабак өтүлдү

2023-жылдын 29-ноябрь күнү кесиптик колледждин экономика жана финансы бөлүмүнүн окутуучусу Бурмаш Бекишова “Кыргыз элинин чечендик өнөрү” аталышындагы ачык сабак өттү. Иш чарага окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, окуу башкармалыгынын…

Ректор студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн мүчөлөрүнө күбөлүк тапшырды

2023-жылдын 29-ноябрь күнү башкы имараттагы кичине жыйындар залында КУУнун студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн мүчөлөрүнө расмий түрдө күбөлүк тапшыруу аземи болду. Жыйындын башында мурдагы студенттик кеңештин төрагасы Күмүшбек Баатырбаев аткарылган иштери…

КУУда Мактымгулунун 300 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү

2023-жылдын 29-ноябрь күнү Улуттук университетте түркмөн элинин гана эмес бүтүндөй Күнчыгыш, ал турсун дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлү Мактымгулунун 300 жылдыгына карата уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Адабий иш чараны ачып…

Кыргыз филологиясы факультети тарабынан конок лекция өткөрүлдү

2023-жылдын 29-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети тарабынан “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышындагы конок лекция өткөрүлдү. Иш чараны мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып,…