2024-жылдын 1-майында Кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова жана ага окутуучу Фаризат Курамаева Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетине иш-сапары менен барышты. Аларды Тышкы иштер боюнча проректору, анын жардамчысы жылуу тосуп алышты. Окутуучулар мурда сүйлөшүлгөндөй университеттердин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумду тапшырышты.


Андан соң окутуучулар Түркология факультетинин деканы Махамаджан Арипов, Түрк филологиясы кафедрасынын жалпы жамааты менен, чыгыш таануу филологиясы жана котормо таануу факультетинин котормо таануу эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы Наргиза Исматтуллаева менен таанышып, окуу, илимий, методикалык алакаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан кийин илимий изилдөө борборлор, лингафондук кабинеттер, китепканаларды көрсөтүштү.  Кафедра башчылары бөлүмдүн жамааты жана студенттери менен жолуктурду . Аны менен катар котормо боюнча бир нече сабактардын үлгүлөрүн көрсөтүштү.
Меморандум Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетинин окумуштуулар кеңешинде каралып бекилерин белгилеп жылуу узатышты.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.

Добавить комментарий