2024-жылдын 29-апрель күнү ректораттын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коомдун жана мамлекеттин турмушундагы ролун жана маанисин кеңири пропагандалоого, жаш муундарды мыйзамды урматтоо, Мекенди сүйүү жана берилүү рухунда тарбиялоого татыктуу салым кошкон билим берүү тармагынын айрым өкүлдөрүнө “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

  1. Кынатбек Сманалиев – юридикалык институттун директору, ю.и.д., профессор
  2. Болот Токтобаев – юридикалык институттун мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы, эл аралык укук кафедрасынын башчысы, ю.и.д., профессор
  3. Гүлнара Айдарбекова – юридикалык институттун мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы, эл аралык укук кафедрасынын доценти, филос.и.к.
  4. Кеңешбек Алымбеков – техника илимдеринин доктору, профессор
  5. Нурлан Шерипов – юридика илимдеринин доктору, профессор

Иш чарага ректор Төлөбек Абдырахманов катышып, юбилейлик медалга татыктуу болгон кесиптештерин сыйлыгы менен куттуктады.

Добавить комментарий