2024-жылдын 30-апрелинде юридикалык колледжде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган, тарых жумалыгын жыйынтыктаган “Аталар мурасын сактайлы” аталышындагы  илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Жыйында Жогоку Кеңештин депутаты Айдарбеков Ч.А., Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев М.М., “Мурас” фондунун төрагасы Молдокасымов К.С., профессор, тарых илимдеринин доктору Жакыпбеков Ж.Ж. баяндама жасашып, ата мурастары жөнүндө маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

Юридикалык колледждин директору Джумалиев Д.С. сөз сүйлөп, катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын аягында кесипке багыттоо иш-чарасынын алкагында Бишкек шаарынын мектептеринин 9-класстарынын арасында юридикалык колледж тарабынан өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр 1,2,3-даражадагы диплом жана чакан белектер менен сыйланды. Ошондой эле, билим алууга умтулган, рейтинг баллы эң жогору болгон студенттерге стимул берүү максатында окуудагы жетишкендиктери үчүн грамоталар, ата-энелерине билимдүү коомду тарбиялоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

(С) Жакшылыкова Элла – директордун орун басары

Добавить комментарий