2024-жылдын 8-май күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун гимназиясында 10-11-класстардын арасында класстык саат өткөрүлдү.

Иш-чара мүнөттүк унчукпай туруу менен башталып, гимназиянын окутуучусу Жоодатбекова Сымбат Улуу Ата Мекендик согуштун аякташынын 79 жылдыгына карата окуучулар үчүн чакан презентация көрсөтүп, андан соң 10-класстын окуучулары согуш тууралуу доклад жасап, ырларды көркөм окушту жана согуш жөнүндө ырларды аткарып беришти.

Мындай иш-чаралар окуучулардын патриоттук сезимдерин ойготуп, ата-бабаларыбыздын кылганын эскерип унутпай сактап келүүгө жардам берип турат.

(С) Бейшеналиева Б.Т. – институттун башкы адиси – курстун менеджери

Добавить комментарий