2024-жылдын 8-май күнү КУУнун ректораты, кесиптик бирлик комитети жана жаштар саясаты, спорт департаменти тарабынан Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш чаралар өткөрүлдү.

Майрамдык иш чаралар Жеңиш аянтында башталып, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, ректораттын аппарат жетекчиси Мирбек Айтымбетов, жаштар саясаты, спорт департаментинин директору Алмаз Кадыр уулу, о.э. Афган согушунун ардагерлери Алайбек Шамшиев, Адылбек Маматов, Тыныстан Дунганаев, Рапылбек Мураталиев, Алмас Бейшекеев жана кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун студенттери Өчпөс отко гүл коюшту.

Андан кийин КУУнун өкүлдөрү Улуттук университеттин мурдагы кызматкерлери, Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышуучулары Сатар Узбеков, Шаршен Керимбаев жана Клавдия Ефимованын үйлөрүнө барып, аларды Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттукташты жана акчалай сыйлык менен социалдык пакеттерди тапшырышты.

Ардагерлер Улуттук университеттин жетекчилиги менен жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты. 

Мекен үчүн, Жеңиш үчүн, Тынчтык үчүн күн-түн дебей тыным албастан иштеп, согуштагы жоокерлерге дем күч берген, андан соң өз өмүрлөрүн илим-билимге арнап, келечек муунду тарбиялаган ардагерлерибизге чын дилден баш ийип, таазим кылабыз!

Жергебизде ар дайым тынчтыктын желеги желбиреп турсун!

Добавить комментарий