Зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасынын магистранты Жекшенбекова Адина 2024-жылдын 7-майында Ташкент мамлекеттик медициналык академиясында болуп өткөн студенттердин IV Эл аралык илимий-практикалык конференциясына, ал эми 25-27-апрель күндөрү аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетиндеги «Жашыл көпүрө муундарга» аттуу X Эл аралык жаштар форумуна катышып келди.

КМШ өлкөлөрүнүн университеттеринен 220дан ашуун студенттер катышкан Ташкенттеги конференцияда клиникалык фармакология, салттуу медицина, аллергология, клиникалык моделдөө, реабилитация, дене тарбия, сергек жашоо, саламаттыкты сактоо менеджменти жана эпидемиология бөлүмдөрү боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, Адина Жекшенбекова 1-орунга ээ болду.

аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде өткөрүлгөн иш чарага КМШ өлкөлөрүнүн ар кайсы университеттеринен 150гө жакын студенттер катышып, климаттын өзгөрүшү, геосистемалардын экологиялык туруктуулугу жана жашоо коопсуздугунун актуалдуу маселелери талкууланды. Бул жыйында КУУнун магистранты аталган багытттар боюнча кесипкөйлүгү менен тырышчаактыгын көрсөтүп, жыйынтыгында татыктуу 2-орунду ээледи.

Адинанын мындай ийгиликтерине илимий жетекчилери: доценттер Бакен Шаршеева, Курсанбек Раимкулов чоң салым кошушту.

(С) Жекшенбекова Адина – зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасынын магистранты

Добавить комментарий