2024-жылдын 11-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында XVII Дүйнөлүк мектеп окуучуларынын “Кытай тили – достук көпүрөсү” конкурсунун республикалык тандоо туру башталды.

Иш чарага кадырлуу конок катары Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, Кыргыз Республикасындагы Конфуций институттарынын өкүлдөрү, Конфуций институттарынын борборлору жана класстарынын директорлору, мугалимдер жана окуучулар катышууда.

Сынактын катышуучуларын Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым менен КУУнун ректору Төлөбек Абдрахманов куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Иш чара Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен КУУнун алдындагы Конфуций институту тарабынан уюштурулган.

Добавить комментарий