2024-жылдын 2-майында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова жана ага окутуучу Фаризат Курамаева мобилдүүлүк боюнча Шаров Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетине барышты. Кыргызстандык кесиптештерин Түркология илим изилдөө борборунун директору Рахила Рузманова жалпы жамааты менен  жылуу тосуп алышты.

Мурда кабарлангандай университеттин студенттерине жана окутуучуларына Фаризат Курамаева “Кыргыз, түрк жана азербайджан тилдеринде өнүмсүз жөндөмө мүчөлөрүнүн изилденишинде айрым маселелер” жана Бурул Элебесова “Кыргыз жана түрк поэзиясынын типологиялык маселелери” деген темаларда семинар өтүштү.

Аны менен катар аталган университеттин түрколог окутуучуларына конок лектор катыры лекция окушту.

Буга чейин аталган бөлүмдүн башчысы, окутуучулары жана илимий кызматкери менен эки университеттин ортосундагы келишимдин негизинде жигердүү иш жүргүзүлүп турган. Ошондуктан белектер жана китептер берилип сертификаттар тапшырылды.

Лекциянын соңунда Кыргызстандан келген окутуучуларга мобилдүүлүк сертификаты тапшырылды.
Муну менен катар университетке мобилдүүлүк менен келген Түркиялык окумуштуу проф.доктор Али Акар менен жолугушуу болду.

Аталган борбордун директору Түркология илим изилдөө борборунун китепканасы, окуу залдары, илимий изилдөө борборлору, лингофондук кабинеттери менен тааныштырды. Андан соң борбордун жетекчилиги мобилдүүлүккө маданий программасын да кошуп окутуучуларды Өзбекистан мамлекеттик музейине жана Баки Шахори этно-комплексине алып барышты.

2024-жылдын 3-4-майында Бурул Элебесова менен Фаризат Курамаева Өзбекстандын Самарканд шаарында орун алган Эл аралык “Жибек жолу” туризм жана маданий мурастар университети уюштурган “Жибек жолунда тил, адабият , котормо, туризм жана маданий мурастарды изилдөөдө инновациялык ыкмалар” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.

Конференцияга Өзбекстан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Корея, Таджикистан, Азербайджан жана Эгипеттик окумуштуу илимпоздор катышышты.

Конференция  этно-музыка, университеттин маданий мурастары боюнча музейин кыдыруу, туризм боюнча практикалык лабораториялардын жабдылышы сыяктуу университетти тааныштыруу туру менен башталды.

Расмий ачылыш бөлүмүндө алгач университеттин ректору, ошондой эле Өзбек Республикасынын Экология министри, профессор доктор Абдухакимов Азиз Абдукахарович катышуучуларды куттуктап, жигердүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Куттуктоо сөзүндө Өзбекстандын туризми, Самарканддын орду, тарыхый эстеликтер жана эл аралык туризмди өнүктүрүү боюнча кеңири баяндама жасады. Андан соң конференциянын уюштуруу мүчөсү,  Эге университетинин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Конференциянын негизги уюштуруучуларынын бири  ZENODO, Cyberleninka, OpenAire, Index Copernicus, Google Scholar сыяктуу индекстүү базаларга мүчө Science innovation эл аралык илимий журналынын башкы редактору конференциянын катышуучуларына макалалары аталган базаларга жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымат берди.

Тил, глобалдык изилдөөлөр, илимий изилдөөлөр жана инновациялык иштер боюнча директор жана проректорлор өз сөздөрүндө тил, адабият, котормонун туризмдин негизги ачкычы экендигин белгилеп өтүштү.

Конфуций институтунун директору профессор Ш. Шафаров Улуу  Жибек жолунун тарыхы, бүгүнү жана келечеги жөнүндө кеңири баяндама жасады.

Расмий ачылыштан кийин пленардык жыйын өз ишин улантты.

Негизинен Улуу Жибек жолунда жашаган элдердин адабияты, тили, маданияты, Амир Тимур, Чагатай Осмон байланыштары, Орто Азиядагы Ислам булактары боюнча докладдар окулду.

Пленардык бөлүмдө Кыргызстандан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова салыштырма өңүттө кыргыз, түрк жана азербайджан адабий байланыштары жөнүндө баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.

Андан соң тил илими, педагогика, адабият таануу, котормо таануу, туризм, маданий мурастар боюнча секциялар иштеди. Кыргыз, түрк жана азербайджан тилдери боюнча салыштырма аспектиде ага окутуучу Фаризат Курамаева доклад окуду.

Конференциянын расмий жабылышында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Конференциянын программасында Самарканддагы тарыхый жайлары боюнча маданий тур белгиленген.

Алар: Амир Тимурдун күмбөзү, Регистан аянты, Шахи-Зинда тарыхый комплекси, Бибиханым мечити, Сиап базары, Улугбек обсерваториясы, Хазрет Хызыр мечити.

Конференциянын соңунда Өзбек элинин улуттук ыр, бий жана музыканын коштоосунда гала-кечеси уюштурулду. Ошентип катышуучулар жылуу маанайда мындан ары да окуу, илимий, методикалык иштерде түрдүү платформаларда жолугуу ниетин билдирип тарашты.

Муну менен катар бөлүмдүн окутуучулары жогорудагы университеттин Тилдер жана глобалдык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы доктор Султанов Тулкин мырзага бөлүмдүн атынан Жусуп Баласагын, Кыргыздар жөнүндө китеп жана сувенир белекке беришти. Мурда белгиленгендей эки университеттин ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга жакынкы мезгилде кол коюлуп бериле тургандыгы убадаланды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.

Добавить комментарий