2024-жылдын 15-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында КУУнун студенттерине “Синтетикалык жана башка баңгизаттардын жайылышына каршы туруу” деген темада лекция өтүштү.

Жыйынды жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек ачып, спикерлерге сөз берди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Азамат Аманов заманбап синтетикалык дары-дармек – ар бир адам үчүн эң коркунучтуу “капкан” экендигин, ал өзгөчө 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында көбүрөөк катталып жаткандыгын, андыктан, ата-энелер балдары менен синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруусу зарыл экендигин баса белгиледи. – Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда анонимдүү 118 ишеним телефонуна кайрылууга болот, – деп сөзүн жыйынтыктады УКМКнын өкүлү.

Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Акылбек Джоорбаев азыркы учурда синтетикалык дары-дармектердин тез жайылышы глобалдык коркунучка алып келээрин, акыркы учурда өспүрүмдөр дарыканадан психотроптук заттар кошулган дарыларды көп сатып алып жаткандыгын, бул көрүнүш келечек үчүн кооптуулук жаратаарын айтып, мыйзам боюнча 14 жаштан өйдө жарандар 8 жылдан 13 жылга чейин жоопко тартылаарын баса белгиледи.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева өспүрүм курактын кризиси жана ага кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу айтып берди. – Кризистер баланын тобокелдик факторлорго болгон аялуулугун жогорулатат. Балдар ал заттарды колдонуу аркылуу стресс менен күрөшүүнүн жолдорун издеши мүмкүн. Ата-энелер жана камкорчулар балдардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, аларга колдоо көрсөтүүлөрү керек – деди Тинатин Сагымбаева.

Иш чаранын жүрүшүндө тема боюнча видеоролик көрсөтүлүп, суроо-жоопко активдүү катышкан студенттерге Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан экосумка жана футболка тапшырылды.

Жыйындын соңунда спикерлер иш-чаранын уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдиришти.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий