Журналистика жана коммуникация институтунда КРдин эмгек сиңирген ишмери, КРдин эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, профессор Молдосейит Мамбетакуновдун институттун алдындагы өнөрканасынын ачылышы жана аны менен катар журналистика жана комуникация институту тарабынан уюштурулган “Мен репортер” республикалык студенттер арасында уюштурулган сынактын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарада Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору  Н.Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси М.Букуев, филология илимдеринин доктору, академик С.Мусаев, КРдин Жазуучулар союзунун төрагасы К.Иманалиев, КРдин эл жазуучусу, ардактуу профессор А.Матисаков, филология илимдеринин кандидаты А.Дуйшекеева, КРдин эл артисти М.Мамбетакуновдун шакирттери, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк баштаган профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Концерттик программанын жүрүшүндө төкмө акындар – КРдин эл акыны Амантай Кутманалиев, Тынчтык Эсенбай уулу, манасчы Чагалдак Замирбеков, эстрада ырчылары Ж.Осмоналиева, Биржан Байбол, Арген Анарбаев жана “УЛЫБКА” бий тобу өнөрлөрүн тартуулашты.   

Ал эми журналистика жана коммуникация институту тарабынан 6 жылдан бери  уюштурулуп келген “Мен репортер”  республикалык студенттер арасында өтчү сынактын быйыл макамы да көтөрүлүп, документалдуу фильмдер кошулду. Сынакка келип түшкөн 60ка чукул эмгектин жарымы документалдуу фильм экени сүйүнтөт. Белгилей кетсек, сынакка Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын кинематографияга, журналистикага тиешеси бар жана видео тартууга кызыккан студенттер катышты. Калыстар тобунун компетенттүү, өз ишинин мыкты адистери болгон, кесипкөй мүчөлөрү КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз киносундагы монтаж жасоонун корифейи Ракия Шаршенова, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер “Даңк”орденинин ээси, белгилүү журналист Байма Сүтенова, “ЭЛТР”телеканалынын башкы директорунун орун басары Нуркамал Асканова,  режиссер Асел Жураева эки күн катары менен фильдерди көрүп, тандоодон өткөрүштү.

“Мен репортер” сынагынын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү үч номинацияда сыйлыктар тапшырылды:

  • “Мыкты репортаж”;
  • “Мыкты документалдуу фильм”;
  • “Мыкты жарнамалык ролик” .

“Мен репортёр” сынагына колдоо көрсөткөн, 6 жылдан берки туруктуу демөөрчүсү, “Кыргыз жаш күч” коомдук бирикмесинин төрагасы Э.Орозбаевге,  «Аскар Салымбеков Фонду» коомдук фондуна, Сынактын символунун, статуэтканын автору, КРдин эл сүрөтчүсү Султанбек Макашевге, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, аниматор Каныбек Өмүрбековго жана долбоорго колдоо көрсөткөн журналистика жана коммуникация институтунун бүтүрүүчүлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз!

3 кызыктыруучу сыйлык

  • Биринчи кызыктыруучу сыйлык репортаждагы журналистик иши үчүн Грамота менен ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Толубай Бурканбеков сыйланат.
  • Экинчи кызыктыруучу сыйлык репотаждагы операторлук иш боюнча Грамота менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенти Нурланов Нурсултан сыйланат.
  • Үчүнчү кызыктыруучу сыйлык мыкты монтаждагы мыкты режиссура үчүн Грамота менен КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенти  Эсенгул кызы Асел сыйланат.

“Мыкты репортаж” номинациясы боюнча

  • Үчүнчү орун, Сынактын үчүнчү даражадагы диплому жана акчалай сыйлык КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенттеринен түзүлгөн чыгармачылык топ Мирланбекова Нуркыз, Насирдинова Женишгүл, Медербеков Аргенге ыйгарылат.
  • Сынактын экинчи даражадагы диплому менен менен экинчи орунду жана акчалай сыйлык Борис Николаевич Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин студенти Анна Василиевна Нестеровага  ыйгарылат.
  • Сынактын символу жана  биринчи даражадагы дипломужана акчалай сыйлыкменен биринчи орунду менен КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенти Жолдошбек кызы Мединага тапшырылат.

“Мыкты документалдуу фильм” номинациясы боюнча

Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон  даректүү тасма Грамота КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенттери Эшенкулова Бермет, Кенжебай кызы Айпери, Зияпова Айкөл, Ысабек уулу Болотбекке ыйгарылат

“Мыкты документалдуу фильм” номинациясы боюнча

  • Үчүнчү орун сынактын үчүнчү даражадагы дипломужана акчалай сыйлык менен КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенти жана Б.Бейшеналиева атындагы КМИИнин студентинин биргелешкен иши үчүн Жээнбекова Даткайым жана Нышанов Адылга ыйгарылат.
  • “Мыкты документалдуу фильм” номинациясы боюнча экинчи орун сынактын экинчи даражадагы диплому жана акчалай сыйлык КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенти Бекбосунова Алияга ыйгарылат
  • “Мыкты документалдуу фильм” номинациясы боюнча биринчи орун сынактын символу жана биринчи даражадагы диплому жана акчалай сыйлык Б.Бейшеналиева атындагы КМИИнин студенттери Эсенгул уулу Асылбек, Урмат Койчубек уулуна ыйгарылат

 “Мыкты жарнамалык ролик” номинациясы боюнча

  • “Менин сүйүктүү университетим” аттуу мыкты жарнамалык ролик номинациясы боюнча сынактын үчүнчү даражадагы дипломужана акчалай сыйлык КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенттери Алмазбекова Сабина, Тешебаева Дилназ, Шамшиева Айдинага ыйгарылат.
  • “Менин сүйүктүү университетим” аттуу мыкты жарнамалык ролик номинациясы боюнча сынактын экинчи даражадагы диплому жана акчалай сыйлык КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенттери Арзыматова Айпери, Алтынбек кызы Нуркызга ыйгарылат.
  • “Менин сүйүктүү университетим” аттуу мыкты жарнамалык ролик номинациясы боюнча сынактын символу жана биринчи даражадагы диплом жана акчалай сыйлык КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун студенттери Мысалиева Жасмин, Жолдошбек кызы Медина, Бактыбек кызы Нурзаада, Адылбекова Айдайга ыйгарылат
  • “Мен репортер” сынагынын баш байгеси – Гран при! Сыйлыктын символу менен акчалай сыйлык Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин киноакадемиянын режиссёр бөлүмүнүн студенттеринин чыгармачылык тобу Шакиров Маруф, Жороев Таалайбек, Курмушев Атабек, Турдумамбетова Эркингүл, Молорбаев Акимжанга ыйгарылат.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий