Илимий китепкананын бардык окуу залдарында жана абонементтеринде Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата «9 май – Жеңиш күнү», «Эч ким, эч качан унутулбайт», «9 май – Аталар жеңген улуу күн», «Улуу жеңиш унутулбайт» аттуу китеп-иллюстративдик көргөзмө уюштурулуп, анда китептер, энциклопедиялар, согуш жылдарындагы сүрөттөр коюлду.

Бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, беш жыл бою фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечирүү менен бизге тартуулашкан. Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, жарак-жабдык жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүштү. Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары ыйык согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды.

Эч качан согуш болбосун.  Бүгүнкү күндө да студенттердин ичинде патриотторубуз абдан көп, ошондуктан улуу муундун эрдиги унутулбай муундан -муунга өтө берет деп ишенебиз»

Бул тынчтык менен жеңиш апаларыбыздын көз жашын, аталарыбыздын канын агызды. Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө. Улуу Жеңишти алып келген аталарыбызга түбөлүк даңк.

(С) Үмүт Казначиева – А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору

Добавить комментарий