2024-жылдын 6-май күнү ректор Төлөбек Абдырахманов 28-29-март күндөрү Россиянын элдердин достугу университетинде болуп өткөн “Бухучет вокруг нас” аталышындагы Евразиялык студенттик олимпиаданын командалык турниринде 1-орунду ээлеп келген экономиканын жогорку мектебинин студенттерин кабыл алды.

ЭЖМ директору Эркин Кулова аталган олимпиадага Россиянын жана чет өлкөлөрдүн 67 жогорку окуу жайларынан 87 команда, 524 студент катышканын, анын ичинде экономиканын жогорку мектебинен 4 кыз онлайн, 4 кыз РУДНде офлайн катышып (Каныкей Дикамбаева, Аделина Калижарова, Алия Рысбек кызы жана Роза Шапакова), командалык турнирде ЭЖМдин командасы 1-орунду, ал эми индивидуалдуу турда Каныкей Дикамбаева 2-орунду ээлегендиги тууралуу ректорго маалымат берди жана Москвага барып келүүгө байланыштуу каржы маселесин чечип бергендиги үчүн ага терең ыраазычылык билдирди. Эркин Кулова о.э. кыздарды институттун доценттери Алымбү Рысбаева менен Аида Кылычбековна коштоп барганын айтты.

Төлөбек Абдырахманов иш чарада катышып отурган институттун жетекчилигин студенттердин ийгилиги менен куттуктап, эл аралык ири олимпиадада 1-орунду ээлеп келген студенттерге ректораттын атынан терең ыраазычылык билдирип, “Бул ийгилик силер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды ачат. Мен силерге мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Силердей студенттерди тарбиялаган ата-энеңерге да чоң рахмат”, – деди.

Добавить комментарий