2024-жылдын 13-майында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин башчысы Мирбек Шарабидинов Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору Жыпаркүл Иманканова менен жолугушуп, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Документтин максаты – тандалып алынган багыттар боюнча кызматташуу жана аны ишке ашырууга шарттарды түзүү.

Ушул эле күнү ПКМДИ колледжинин окутуучулары Нуруева Жаңыл, Муктрабекова Рита академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ысык-көлдүк кесиптештерине “Билим берүүнүн заманбап тенденциялары” аттуу темада тренинг өтүштү. Сабак учурунда тажрыйба алмашуу, ой бөлүшүү, практикалык тапшырмалар, кызыктуу суроо-жооп жана талкуу болду.

Ал эми Исмаилова Гүлзат, Байтокова Айнура, Мадиярова Кенжайым Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттерине “Сынчыл ой жүгүртүү, эмоционалдык чарчоонун алдын алуу” темасында, Жылчиева Динара, Эгамбердиева Айсулуу “Улуттук баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү” темасында конок лекция жана тренинг өтүштү. Сабак студенттердин кызуу талкуусун жаратып, суроо-жооптор болду. Студенттер шыктандырган эмоцияларын, ыраазычылыктарын билдиришти.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар -менеджери

Добавить комментарий