2024-жылдын 7-майында Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжи жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин ортосунда мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мектептерде, илим жаатында, билим берүү стандарттарын, программаларды, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу, педагогдордун жана студенттердин суроолору менен талаптарын канааттандыруу максатындагы келечектүү багыттарды өнүктүрүү боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Меморандумга Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин директору Улан Турдалиев менен И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинин башчысы Мирбек Шарабидиновдун жолугушуусунун алкагында кол коюлду. Документтин максаты тандалып алынган багыттар боюнча кызматташууга жана макулдашылган кызматташтыктарды турмушка ашырууга  шарттарды түзүү  болуп саналат.

Ушул эле күнү академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында БМПКнын мугалимдери Конокбаева Калыйпа Мамытбековна «Сандардын бөлүнүүчүлүк белгилери. ЭЧЖБ, ЭКЖБ түшүнүктөрү»,  Акматбаева Эльмира Омушовна «Башталгыч мектепте маселе чыгарууну үйрөтүү процессинде колдонулуучу методикалык ыкмалар», Куштарбек кызы  Элизат «Мектепке чейинки билим берүү  уюмунун үй-бүлө менен байланышы» деген темаларда конок лекцияларды өтүштү.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч.Исамидов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий