Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb сервисинен алынган маалымат боюнча 2024-жылдын Апрель айында КУУнун сайтына жалпысынан 112 миң 021 адам кирип, өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын арасында мурдагыдай эле 1-орунду ээледи.
1. Сайтка кирүүчүлөрдүн саны (Апрель-2024):
- КУУ = 112 миң 021 адам (Март айында 101 572)
- КММА = 98 717
- КМТУ = 56 747
- ОшМУ = 36 200
- КМАУ = < 5000

Мындан сырткары, ошол эле сервисте сайттардын глобалдуу жана жергиликтүү рейтингдери да аныкталган.
2. Сайттардын рейтинги (Апрель-2024):
Глобалдуу рейтинг (Дүйнө боюнча)
- КУУ = 299 миң 563 орунда (Март айында 374 578)
- КММА= 331 776
- КМТУ= 654 428
- ОшМУ = 941 665
- КМАУ = 4 726 992
Жергиликтүү рейтинг (Кыргызстан боюнча)
- КУУ = 384 орунда (Март айында 543)
- КММА = 558
- ОшМУ = 1 461
- КМТУ = 2 004
- КМАУ = 6 438

Диаграммаларда көрүнүп тургандай, КУУнун сайты экинчи көрсөткүч боюнча да Апрель айында 1-орунду ээледи.
Урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору!
Сайтыбызга мындан да көбүрөөк кирип, окуу жайда болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлер болсо айтып, дайым байланышта болуп туруңуздар.
Мурунку айлардагы көрсөткүчтөр менен «Абалың кандай, knu.kg» рубрикасынан таанышууга болот.