2024- жылдын 10-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн профессору, көрүнүктүү педагог Акматали Алимбеков И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин студенттерине “Кыргызстандын мектептеринде тарбиялоонун максаты жана мазмунун аныктоонун актуалдуу маселелери” деген темада кызыктуу конок лекция окуду. 

Сабакта аталган теманын алкагында баалуу маалыматтар берилип, өзөктүү түшүнүктөргө аныктамалар берилди. Тарбиялоо менен окутуунун айырмачылыктарын ачыктап,  лектор тарабынан авторлош катары даярдалган “Окуучу жаштарды руханий адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясынын” негизги багыттарына токтолду. Ошондой эле кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясынын, эстетикалык тарбиясынын өзгөчөлүктөрүн, артыкчылыктарын белгилеп, Улуттук тарбиянын негизги багыттарын кайдан алабыз?! деген суроонун алкагында баалуу, пайдалуу, кызыктуу маалыматтарды берди.

И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к., профессор Адылбек кызы Гүлназ профессор Акматали Алимбековго кызыктуу сабак өтүп бергендиги үчүн  ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташууну сунуштады.

(С) Асылгүл Жуматаева – ага окутуучу

Добавить комментарий