2024-жылдын 30-апрелинде И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинде студенттерин билимин, жөндөмүн, ар тараптуу талантын жакшыртуу жана активдүүлүктү көрсөткөн, келечекте мыкты мугалим боло ала турган студенттерди аныктоо максатында уюштурулган “Педагогикалык колледждин мыктысы” аталышындагы конкурс кадимки шартта (тарых, кыргыз тили жана  адабияты, математика сабактарынан тест тапшыруу,  өз өнөрүн көрсөтүү ) жүргүзүлдү.

  • 1-орунду ПНК-3-23 группасынын студенти Фатима Эсенбаева
  • 2-орунду СП-1-23 группасынын студенти Альбина Николаева
  • 3-орунду ПНК-1-23 группасынын студенти Насирдинова Жаркынай

ээ болуп, жеңүүчүлөр грамота, кызыктыруучу жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ошондой эле жобого ылайык 1-орунду алган студенттин куратору да “Мыкты куратор” номинациясына ээ болду.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий