2024- жылдын 8-майында И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин окутуучулары Д.С.Жылчиева. А.С.Жуматаева жана А.А.Эгамбердиева И.Арабаев атындагы КМУнун табигый илимдер жана туризм институтунун студенттерине «Улуттук баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү» деген темада семинар-тренинг өтүштү. 

Сабак учурунда аталган теманын алкагында кызыктуу маалыматтар берилип, “Улуттук баалуулуктарды жайылтууга, кийинки муунга өткөрүп берүүгө мен кандай салым кошо алам?” деген маселе боюнча өз ойлорун ортого салуу менен кызуу талкуу жүрдү. 

Табигый илимдер жана туризм институтунун жетекчилиги ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташууну сунуштады.

(С) Кыдыралиева Айжан – И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар -менеджери

Добавить комментарий