2024-жылдын 6-майында М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдык юбилейлик мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Нарын облусунда биринчи жолу прокуратура органдары тарабынан өткөрүлгөн иш-чарада Нарын облусунун прокурору Асанов Кубанычбек Жаанбаевич Кыргыз прокуратурасынын түзүлүү тарыхы, аны жетектеген инсандар, коомдогу прокуратуранын орду, функциясы жана негизги ишмердиги, о.э. прокуратурага ишке кирүүнүн тартиби туурасында кеңири маалымат  берди.

Андан соң, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын шаарындагы  гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы, филос.и.к., ардактуу профессор Сыдык Иманалиевге жарыш сөз берилип, ал Жусуп Баласагын бабабыздын “Куттуу билим” дастанынын илимий-философиялык жана укуктук маанисин кеңири ачып берди жана орто мектептердин окуучуларына Ч.Айтматовдун “Гүлсарат” китебиндеги прокурордун образын ачып, прокурордук көзөмөлдүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык маарекесине карата Нарын областынын прокуратурасы тарабынан студенттер менен  орто мектептердин окуучуларынын арасында сынак уюштурулган.

“Кыргыз Республикасынын прокуратура  органдарынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу” максатында бул сынакка Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын шаарындагы  гуманитардык-табигый илимдер  факультетинин студенттери да катышты.

“Мыкты дил баян”, “Мыкты сүрөт” жана “Мыкты сценка” сынактарынын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө алкыш жарыяланып,  алдыңкы орунду ээлешкен  балдар-кыздарга баалуу белектерди Нарын областынын прокурору Асанов Кубанычбек Жаанбаевич  тапшырды.

  • “Мыкты дил баян” сынагында 1-орунду жеңүүчү Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер  факультетинин 1-курсунун студенти Турусбекова Алтынайга алкыш жарыяланды.
  • “Мыкты дил баян” сынагында 2-орунду жеңүүчү Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер  факультетинин 1-курсунун студенти Тынычбеков Осмон атрибутикалык баалуу белек жана Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” аттуу китеби менен сыйланды.
  • “Мыкты дил баян” сынагында 3-орунду жеңүүчү Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер  факультетинин 1-курсунун студенти Канат кызы Аделия  атрибутикалык баалуу белек жана китептер менен сыйланды.
  • “Мыкты сценка” уюштургандыктары үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинин Нарын шаарындагы  гуманитардык-табигый илимдер  факультетинин студенттерине алкыш жарыяланды. Факультет атрибутикалык белек жана баалуу картина менен сыйланды.

(С) Сыдык Иманалиев – Нарын шаарындагы ГТИФтин деканы, филос.и.к., ардактуу профессор

Тема боюнча кошумча материалдар:

Добавить комментарий