2024-жылдын 8-майында юридикалык институттун 4-курс студенттеринин 1-апрелден 20-апрелге чейин өткөн өндүрүштүк практика боюнча отчетторун кабыл алуу конференциясы болуп өттү 

Жыйынга практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев, башкы адиси Жыпаргүл Шерматова, жетектөөчү адисм Саматали к Акбермет, конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасынын башчысы Асия Эсенбекова, профессорлор Бактыбек Рысмендеев менен Нонна Розахунова, доцент Чынара Тургамбаева, ага окутуучу Азамат Борончиев катышты.

Конференциянын башталышында кафедра башчысы Асия Эсенбекова практика студенттердин илимий-теориалык даярдыгын тереңдетип, практикалык ишке бекемдей турган иш-чара экенин белгилеп, окуу программасы боюнча бекитилген мындан кийинки практикаларга да бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого студенттерди чакырды. ПжКБ директоруЗамир Бакалбаев студентерге практика – карьерага болгон бир кадам экендигин белгилеп, кесипкөй адис болуш үчүн керек болгон талаптар жөнүндө айтып берди. 

Отчет тапшыруу учурунда студенттер практика учурунда алган билимдери, тажрыйбалары менен бөлүшүп, практиканын зарыл экендигин, болочок кесипке чоң мотивация берээрин белгилешти жана суроолорго жооп беришти. Студенттер практикада кандай жетишкендиктерге жеткенин эмнелерди үйрөнгөнүн бөлүшүп кетишти. Комиссия мүчөлөрү айрым студенттердин отчетторун, алардын жетишкендиктерин белгилеп, кээ бири толуктоолорду сунушташты.

(С) Саматали к. А. – ПжКБнын жетектөөчү адиси 

Добавить комментарий