КУУдагы жаңылыктар

Абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды

2024-жылдын 7-июль күнү саат 15.00дө кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери…

Жайында жаңыланган 4-жатакана жана 5-окуу имараты

Көп жылдардан бери колдонулбай келе жаткан 4-жатаканада ушул күндөрү оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Учурда имараттын сырты жаңыдан сырдалып, түндүк-түштүк тарабындагы ураган шыбактар шыбалып, ичиндеги эшик-терезелер оңдолууда. Ал эми 5-окуу имаратынын фойесинин…

3-турда окууга өткөн абитуриенттердин документтери кабыл алынууда

2024-жылдын 1-август күнү 3-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетте окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер…

Абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды

2024-жылдын 31-июль күнү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор…

Адашпаңыз, урматтуу абитуриент!

Абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясы жүрүп турган кезеңде бул кайрылуу эки түрдүү ой жаратат: биринчиси — кесип тандоого байланыштуу болсо, экинчиси — кайсы бир имаратты издөөгө. Бул билдирүүдө адашпоонун экинчи түрү…

Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореянын Инха университетинин өкүлдөрү менен жолугушту

2024-жылдын 30-июлунда ректор Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореянын Инчхон шаарында жайгашкан Инха университетинин делегациясын кабыл алды. Топтун башчысы, аталган окуу жайдын улук профессору Ха Хонг Ку мырза жана делегация мүчөлөрү менен…

Ректор Түштүк Кореянын Конгжу Улуттук университетинин делегациясын кабыл алды

2024-жылдын 26-июлунда КУУга Түштүк Кореянын Конгжу Улуттук университетинин президенти Кюнхо Ким мырза баштаган делегация келди. Делегация мүчөлөрүн ректор Төлөбек Абдырахманов кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин жетекчилери өз ара кызматташуунун…

Кыргыз улуттук университети 2-турда да лидерликти берген жок

Бүгүн жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды. Ал 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен…

КУУнун колледждерине өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды

2024-жылдын 29-июль күнү 1-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин колледждерине өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер…

2-турда окууга өткөн абитуриенттердин документтери кабыл алынууда

2024-жылдын 25-июль күнү 2-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетте окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер…

Профессор Нуриза Мусаева Экономиканын жогорку мектебинин директору болуп дайындалды

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен экономика илимдеринин доктору, профессор Мусаева Нуриза Мусаевна 2024-жылдын 25-июлунан тартып Экономиканын жогорку мектебинин директору болуп дайындалды.

Абитуриенттерди орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө (колледждерге) кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

2024-жылдын 24-июль күнү №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө (колледждерге) кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери…

Абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

2024-жылдын 24-июль күнү №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов алып барган…

1-турдун жыйынтыгы боюнча эң көп абитуриент Улуттук университетти тандады

Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз улуттук университети 1-орунду ээледи. Бул тууралуу bilim.akipress.org сайтында жарыяланды. Маалымат булагы берген маалымат боюнча, 1-турда биздин окуу жайга катталган 4459…

Ректор Египеттин Улуттук билим берүү борборунун регионалдык менеджерин кабыл алды

2024-жылдын 23-июль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Египеттин Улуттук билим берүү борборунун (NEN) Кыргызстандагы регионалдык менеджери, профессор Саид аль Маграби мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө КУУ менен NEN ортосундагы кызматташтык мамилелеринин…

КУУнун ички грантын утуп алуу үчүн берилген сынактык илимий-изилдөө долбоорлор талкууланды

2024-жылдын 19-июлунда КУУнун стимул берүүчү ички грантын утуп алуу үчүн берилген сынактык илимий-изилдөө долбоорлорду талдоо жана талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө долбоор жетекчилери өздөрү даярдаган өтүнмөлөр тууралуу билдирүү…

1-турда окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды

2024-жылдын 18-июль күнү Улуттук университетте окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер өздөрү тандаган факультет/институттардын…

Абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды

2024-жылдын 17-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйынга окуу иштери боюнча проректор…

Улуттук университетте “Түрк мурастары борбору” ачылат

2024-жылдын 15-июль күнү Улуттук университетке Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова келди. Сыйлуу конокту ректор Төлөбек Абдырахманов тосуп алып, болочокто “Түрк мурастары борбору” жайгашуучу 144-дарсканага чакырды. Актоты Раимкулова…

Проректор Жеңиш Бексултанов кабыл алуу комиссиясынын техкатчылары менен жолугушту

2024-жылдын 15-июль күнү эрте менен кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов кабыл алуу комиссиясынын техкатчылары менен жолугушту. Сөзүнүн башында Жеңиш Бексултанов күндүн ысыгына карабай,…

КУУнун алты магистрлик программасы «Excellent Quality» өзгөчө белгисин алды

КУУнун алты магистрлик программасы эл аралык аккредитациянын жыйынтыгы боюнча «Excellent Quality» (Мыкты сапат) өзгөчө белгисин – “5 жылдыз” алды. Эскерте кетсек, 2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун төмөндөгү багыттар…

Ректор КУУнун ийгилик жараткан «Enactus” командаларын кабыл алды

2024-жылдын 8-июль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин ийгилик жараткан «Enactus ЮИ КНУ” жана “Enactus KNU” командаларын кабыл алды. Командаларды жетектеп барган жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр…

Төлөбек Абдырахманов «мехматтын» 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

2024-жылдын 5-июль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов университеттин механика-математика факультетинин 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрү Шаршенбек Алиев, Мураталы Жаманбаев, Жамалкан Салмоорбекова, Адылбек Шабданов менен жолугушту. Бүтүрүүчүлөр Улуттук университетте окуп жүргөн кезде керектүү, жакшы нерселерди…

ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого балл бекитилди

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл тууралуу буйругуна ылайык, гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин…

КУУнун окутуучулары «Ден-соолук» спартакиадасында байгелүү орундарды алышты

Чолпон-Ата шаарынын “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын спорттук базаларында Ден-соолук спартакиадасы болуп өттү. Ж. Баласагын атындагы КУУнун мугалимдери стол тенниси, тогуз коргоол, волейбол, шахмат, стритбол, футбол боюнча катышып, төмөнкү оорундарды алышты. (С)…

Алмаз Кыдыралиев Красная речка орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземине катышты

2024-жылдын 28-июнь күнү Ысык-Ата районунун Красная речка жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук…

КУУда каада-салттардын тарыхый жагдайлары менен заманбап укутук мааниси талкууландаы

2024-жылдын 26-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Каада-салттар: тарыхый жагдайлары менен заманбап укутук мааниси” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Анда кыргыз коомчулугунда орун алып жаткан аялзатына, жеткинчек, өспүрүм балдарга…

Ректор кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган илимий конференцияга катышты

2024-жылдын 18-июнунда Ички иштер министрлигинин генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Академиясында кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата “Кыргыз милициясы-кылым чегинде” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары,…

Ректор Нанжин технологиялык институтунун президенти Чжан Янфэй мырзаны кабыл алды

2024-жылдын 14-июнь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Нанжин технологиялык институтунун президенти Чжан Янфэй мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө КУУ менен НТИ ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланып, тиешелүү меморандумга кол коюлду. Төлөбек Абдырахманов…

Ректор университеттин түзүм жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү

2024-жылдын 12-июнь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов университеттин факультет декандары жана институт директорлору менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү. Жыйында окуу жылынын аякташына байланыштуу ар түрдүү маселелер каралып, түзүм жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.…