Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин инвестициялар боюнча проректору Гулбара Сыдыкова 2025-жылдын 29-октябрында Түркия Республикасынын негизделишинин 102 жылдыгына арналган расмий кабыл алууга катышты.

Иш-чарага мамлекеттик түзүмдөрдүн, дипломатиялык корпустун, билим берүү мекемелеринин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кабыл алуу учурунда Кыргыз улуттук университетинин атынан Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемге эки элдин достугун жана көп жылдык кызматташтыгын тастыктаган эстелик белектер тапшырылды.

Жусуп Баласагын атындагы КУУ эл аралык өнөктөштүк байланышты кеңейтүүгө, академиялык алмашуу программаларын өнүктүрүүгө жана Түркиянын алдыңкы университеттери менен биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат. Бул эки өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.

(С) Суймонова Ж.М.- инвестиция бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий